https://sputnik.kg/20241217/bundestag-sholtsko-ishenboochuluk-korsottu-1090877512.html
Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү
Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T13:19+0600
2024-12-17T13:19+0600
2024-12-17T13:58+0600
дүйнөдө
германия
украина
олаф шольц
атайын операция
ишеним
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090871189_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_e5a613765a21841366c58412f867869e.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул февралда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого жол ачарын парламенттин төрагасы Бербель Бас түз эфир учурунда айтканын РИА Новости жазды.Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы чыгып добуш берген. 207 эл өкүлү ага нааразы эместигин айтса, 116сы ортодо турган. Ишеним көрсөтүү же андан ажыратуу үчүн 367 добуш керек.Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоо күтүлүп жатат. Алдын ала эсептөөлөрдө добуш берүү 2025-жылдын 23-февралында болушу мүмкүн. Ишеним туурасында сурамды канцлер өзү өткөн шаршембиде, 11-декабрда, жөнөткөн.Бундестагдын жогорудагы маселеге арналган кезексиз жыйынында анын башкы атаандашы Христиандык-демократиялык союздун башчысы (ХДС) Фридрих Мерц Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, мамлекетти уятка калтырып жатат деп сыпаттаган.Канцлер отурумда министрлер кабинетин башкарып турганда Германия өзүнүн коопсуздугуна зыян келтирип Украинага аскерлерди жана Taurus канаттуу ракеталарын жөнөтпөй тургандыгын айткан.Германия ноябрдын аягында өкмөттүк коалициянын бөлүнүп-жарылышына тушуккан. Каатчылык Шольцтун көрсөтмөсү менен Эркин-Демократиялык партияны жетектеген финансы министри Кристиан Линднердин кызматтан кетиши менен башталган. Канцлер буга Линднердин бир учурда эле Украинанын чыгымдарын көбөйтүүгө жана Германиянын келечегине инвестиция салууга макул болбошу себеп болду деп айткан.
https://sputnik.kg/20241205/sholts-taurustun-rossiyaga-zhasagan-chabuuldary-boyuncha-un-katty-1090617349.html
германия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090871189_131:0:2862:2048_1920x0_80_0_0_e5c852836ee069cf1ebe3e39393bacad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, украина, олаф шольц, атайын операция, ишеним
дүйнөдө, германия, украина, олаф шольц, атайын операция, ишеним
Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү
13:19 17.12.2024 (Жаңыртылды: 13:58 17.12.2024) БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул февралда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого жол ачарын парламенттин төрагасы Бербель Бас түз эфир учурунда айтканын
РИА Новости жазды.
Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы чыгып добуш берген. 207 эл өкүлү ага нааразы эместигин айтса, 116сы ортодо турган. Ишеним көрсөтүү же андан ажыратуу үчүн 367 добуш керек.
Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоо күтүлүп жатат. Алдын ала эсептөөлөрдө добуш берүү 2025-жылдын 23-февралында болушу мүмкүн.
Ишеним туурасында сурамды канцлер өзү өткөн шаршембиде, 11-декабрда, жөнөткөн.
Бундестагдын жогорудагы маселеге арналган кезексиз жыйынында анын башкы атаандашы Христиандык-демократиялык союздун башчысы (ХДС) Фридрих Мерц Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, мамлекетти уятка калтырып жатат деп сыпаттаган.
Канцлер отурумда министрлер кабинетин башкарып турганда Германия өзүнүн коопсуздугуна зыян келтирип Украинага аскерлерди жана Taurus канаттуу ракеталарын жөнөтпөй тургандыгын айткан.
Германия ноябрдын аягында өкмөттүк коалициянын бөлүнүп-жарылышына тушуккан. Каатчылык Шольцтун көрсөтмөсү менен Эркин-Демократиялык партияны жетектеген финансы министри Кристиан Линднердин кызматтан кетиши менен башталган. Канцлер буга Линднердин бир учурда эле Украинанын чыгымдарын көбөйтүүгө жана Германиянын келечегине инвестиция салууга макул болбошу себеп болду деп айткан.