Президенттин командасы "Мурас" достук мелдешин жеңди
19:10 15.12.2024 (Жаңыртылды: 11:22 16.12.2024)
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте 14-15-декабрда өткөн футбол боюнча алтынчы "Мурас" салттуу достук турнири аяктап, Садыр Жапаров башында турган "Президенттин командасы” жеңүүчү аталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Оюндардын аягында мамлекет башчысы спортто эң күчтүүсү жеңишке жетерин алтынчы “Мурас” мелдеши дагы бир жолу далилдегенин айтты.
“Биринчи турнир башталганда менин командам биринчи болгон. Андан кийин эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү орунга түшүп калдык. Бүгүн мына кайра биринчи орунду алып олтурабыз. Оюн деген ушундай. Спортто күчтүүлөр жеңет. Демек, биздин команда жакшы даярданыптыр”, — деди Жапаров.

Бишкекте футбол боюнча алтынчы "Мурас" салттуу достук турнири аяктады

Мелдешке ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышты

Байге фонду 1 миллион сомду түздү

Садыр Жапаров башында турган "Президенттин командасы” жеңүүчү аталды

Бир команда үч жолу жеңишке ээ болсо, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сом сыйлык берилет
Бишкекте футбол боюнча алтынчы "Мурас" салттуу достук турнири аяктады
Мелдешке ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышты
Байге фонду 1 миллион сомду түздү
Садыр Жапаров башында турган "Президенттин командасы” жеңүүчү аталды
Бир команда үч жолу жеңишке ээ болсо, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сом сыйлык берилет
Ал команда үч жолу утуп алса, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сом сыйлык бериле турганын эске салды.
Мелдешке ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышты. Байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Турнирдин жеңүүчүсү болгон “Президенттин командасы” 400 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду 300 миң сом менен “Достук” командасы ээлеп, үчүнчү орунду алган “Ыйман” командасына 200 миң сом берилди.
“Жогорку Кеңеш” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.
Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталды:
“Мыкты бомбардир” — 14 гол киргизген президент Садыр Жапаров.
"Мыкты дарбазачы" — Султан Осмонбеков ("Ыйман" командасы).
"Турнирдин мыкты оюнчусу" - Азимжан Кадыров ("Достук" командасы).
Эскерте кетсек, салтка айланып калган мелдеш кечээ башталып, алтынчы жолу өткөрүлдү.

