https://sputnik.kg/20241214/ukraina-rossiya-donald-tramp-1090813426.html
Трамптын командасы Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Трамптын командасы Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчилери учурдагы америкалык администрациянын жана украиналык жетекчиликтин... 14.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-14T10:40+0600
2024-12-14T10:40+0600
2024-12-14T10:52+0600
дүйнөдө
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дональд трамп
украина
россия
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090813842_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_b86b9aaa534e47d43ce8b8f94713d4e7.jpg
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчилери учурдагы америкалык администрациянын жана украиналык жетекчиликтин өкүлдөрү менен Москва-Киевдин ортосундагы жаңжалды токтотуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.Маалыматта Трамптын командасы, анын ичинде негизги кызматтарга коюлчу талапкерлер дагы азырынча Киевге так план бере электиги айтылат.Трамп өзү дагы жакында эле Time журналына курган маегинде эч нерсени ачыктаган эмес. Бирок ал Украинага жардамды Россияга каршы таасир берүү жолу катары колдонорун айткан.АКШнын жаңы шайланган президенти кызматына 20-январдан тарта киришет.Трамп буга чейин Жо Байден президент болбогондо Украинадагы жаңжал эч канчан башталмак эмес деп айткан. Ал кайрадан өлкө жетекчилигине келсе жаңжалды 24 саат ичинде чечип коерун билдирген.Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүгө комментарий берип жатып, маселе оор болгондуктан бир күндө чечиле турган нерсе эместигин айткан.
https://sputnik.kg/20241213/vark-rutte-ukraina-maselesinin-rossiyasyz-talkuulanyshy-tuurasynda-1090804548.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090813842_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_cf3bc2cb4a37db5887348b58737ade31.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, дональд трамп, украина, россия, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, дональд трамп, украина, россия, сүйлөшүүлөр
Трамптын командасы Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
10:40 14.12.2024 (Жаңыртылды: 10:52 14.12.2024) БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчилери учурдагы америкалык администрациянын жана украиналык жетекчиликтин өкүлдөрү менен Москва-Киевдин ортосундагы жаңжалды токтотуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдиргенин
РИА Новости жазды.
Маалыматта Трамптын командасы, анын ичинде негизги кызматтарга коюлчу талапкерлер дагы азырынча Киевге так план бере электиги айтылат.
Трамп өзү дагы жакында эле Time журналына курган маегинде эч нерсени ачыктаган эмес. Бирок ал Украинага жардамды Россияга каршы таасир берүү жолу катары колдонорун айткан.
АКШнын жаңы шайланган президенти кызматына 20-январдан тарта киришет.
Трамп буга чейин Жо Байден президент болбогондо Украинадагы жаңжал эч канчан башталмак эмес деп айткан. Ал кайрадан өлкө жетекчилигине келсе жаңжалды 24 саат ичинде чечип коерун билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүгө комментарий берип жатып, маселе оор болгондуктан бир күндө чечиле турган нерсе эместигин айткан.