00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Донорство без пафоса: как, зачем и кому нужна ваша кровь
12:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Филологи, философы, медиаспециалисты — кого готовят в КРСУ сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Талантливая молодежь и нехватка простого оборудования: беседа о работе Национального онкоцентра
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылы үйү тажик тараптын провокаторлору тарабынан өрттөлгөн Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө жергилигинин тургуну Абдурахим Мажитов аксакалды кабыл алды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Камчыбек Ташиев аксакалга акчалай колдоо көрсөттү. 2020-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы бул аксакалдын өрттөлгөн үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай колдоо көрсөтүп, бул үй стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, үйдү тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын демилгелеген болчу.
Жакында курула турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун картасын "Атбашы" эл аралык соода-логистикалык борбордо көрсөтүштү. Курулуш иштери декабрдын аягында башталары күтүлүүдө. Картадан логистикалык борбордун өзүн жана Барскоон — Учтурфан — Аксу автожолунун маршуртун көрүүгө болот.Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда биргелешкен долбоордук компания түзүлгөн. Андагы үлүштүн 51 пайызы Кытайга, 24,5 пайызы Кыргызстан менен Өзбекстанга тиешелүү болот.
Бишкек шаарынын мэриясы муктаж жана аз камсыз болгон жарандарды отун менен камсыздайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Чынгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Белгиленгендей, каалоочулар 2024-жылдын 25-декабрына чейин кышкы отун алуу үчүн райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот. Буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө жылуулук үчүн отун алышкан.
Өлкөдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн. Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1200 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды. өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин кыскарган. Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган. Мекемеден алуучулардын азайышын көрсөтүлгөн жардамдын даректүүлүгүнүн жакшырышы жана муктаж болгон жарандардын бакубаттулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү иш менен камсыз кылуунун ар кандай чаралары менен түшүндүрүштү.
13-декабрда, Улуттук банк валюта рыногунда 51,7 миллион доллар сатты. Бул — Улуттук банктын декабрдагы экинчи интервенциясы. Дүйшөмбүдө башкы банк 88 миллион доллар саткан. Эске салсак, башкы банк валюта курсунун чайпалуусун алдын алуу үчүн доллар сатат жана сатып алат. Жума күнкү маалыматка салыштырмалуу доллардын орточо сатуу курсу 20 тыйынга жогорулады. Банктарда 87 сом 35 тыйын, акча алмаштыруучу жайларда 87 сом 4 тыйын болууда. Жыл башынан бери Улуттук банк бул валютаны 14 жолу (369 миллион 850 миң доллар) сатып алып, 12 жолу (622 миллион 500 миң) саткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0