00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
21:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный бизнес через маркетплейсы будет работать по отдельным правилам
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ШКУ өлкөлөрүнүн омбудсмендери Бишкекте: негизги жыйынтыктар жана келечек
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзбекстандын маданият министрине Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы менен сыйлады
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы менен сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, министрди мамлекет башчысы кабыл алып, эки элдин ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар аркылуу байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү тармак экенин белгиледи.
"Биздин элдерди кылымдардан бери келе жаткан достук жана коңшулук байланыштар бириктирип турат. 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки тараптуу байланыштар жаңы деңгээлге чыкты, бул өнөктөштүктү бекемдөөдө маданият негизги ролду ойнойт", — деди Жапаров.
Президент Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр уюштурулганын эске салды. Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.
Жапаров Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.
Өз кезегинде Озодбек Назарбеков Өзбекстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2024
Бишкекте "Айтматов окуулары-2024" форуму өтүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0