00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, өтүнүчтү Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Анда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет. "Айткулов тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана айыптоо актысы менен ишти сотко жөнөтүү жол-жоболорунун жоктугу айыпталуучулардын укуктарын бузат деп эсептейт. Анын айтымында, бул жагдай тараптардын тең укуктуулугу принцибин жана сот адилеттигин камсыздоого тоскоолдук кылат. Кайрылууда субъектиси айыпталуучунун бардык соттук баскычтарга катышуу укугуна кепилдик берилиши керектигин белгиленип, талаш жараткан жаткан ченемдерди Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.Конституциялык сот бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алып, алты ай ичинде чечим чыгарары кошумчаланган.
Кыргызстандын демилгеси менен 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленди. Мындай чечимди БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алган.Демилгени президент Садыр Жапаров көтөргөнүн мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов эске салды."Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы уникалдуу табиятты сактоо аракеттеринин дүйнөлүк деңгээлдеги маанисин көрсөтөт", — деп жазган Алагөзов.Эске салсак, Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясына "Ак илбирстин эл аралык күнүн жарыялоо жөнүндө" резолюция киргизген. Ал эми былтыр президент "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган."Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.
Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин сайтына жарыяланды.Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген. Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0