https://sputnik.kg/20241212/kyrgyzstan-salyk-arkhiv-1090779691.html
Өлгөндөр кантип салык төлөгөн? Санарип министрлиги депутатка жооп берди
Өлгөндөр кантип салык төлөгөн? Санарип министрлиги депутатка жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты жок адамдардын салык төлөгөнү тууралуу айткан маселе боюнча эки мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул... 12.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-12T16:05+0600
2024-12-12T16:05+0600
2024-12-12T16:05+0600
кыргызстан
санариптештирүү
акбөкөн таштанбеков
салык
архив
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066956626_0:319:3067:2044_1920x0_80_0_0_978549cc3595ed17c6485f719fd2f3a9.jpg
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты жок адамдардын салык төлөгөнү тууралуу айткан маселе боюнча эки мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Кечээ, 11-декабрда, депутат Акбөкөн Таштанбеков санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага суроо узаткан.Маалыматка ылайык, жумушчу топтор салык жана архив маселелери боюнча түзүлүп, ага укук коргоо органдарынан дагы өкүлдөр кирген. Ошондой эле анда депутат комплекстүү жана олуттуу маселени көтөргөнү белгиленген.Министрлик түзүлгөн комиссиялардын ишине Акбөкөн Таштанбековдун киришине сунуш жасалганын белгиледи.Санариптик өнүктүрүү министрлиги эгер мыйзам бузуулар аныкталса териштирүү үчүн бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрөрүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20241212/kyrgyzstan-azamat-yusupov-din-miyzam-1090775131.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066956626_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_1c7a7f9524b1bf6f64c1c9aad0f2d2f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, санариптештирүү, акбөкөн таштанбеков, салык, архив
кыргызстан, санариптештирүү, акбөкөн таштанбеков, салык, архив
Өлгөндөр кантип салык төлөгөн? Санарип министрлиги депутатка жооп берди
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты жок адамдардын салык төлөгөнү тууралуу айткан маселе боюнча эки мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 11-декабрда, депутат Акбөкөн Таштанбеков санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага суроо узаткан.
"10 жыл мурда өлгөн 200дөй адам кантип кабинет ачып салык төлөп жатат? Мындай болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, сиздин кол алдыңыздагыларга 200 документ боюнча тапшырык жибергем. Сиздер экөө боюнча маалымат берип, калгандарын бербей жатасыздар. Ал аз келгенсип укук коргоо органдарын адаштырып, документтерди жок кылып жатасыздар. Эмнеге үч айдан бери маалымат бербей жатасыздар?" — деген эл өкүлү.
Маалыматка ылайык, жумушчу топтор салык жана архив маселелери боюнча түзүлүп, ага укук коргоо органдарынан дагы өкүлдөр кирген. Ошондой эле анда депутат комплекстүү жана олуттуу маселени көтөргөнү белгиленген.
Министрлик түзүлгөн комиссиялардын ишине Акбөкөн Таштанбековдун киришине сунуш жасалганын белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги эгер мыйзам бузуулар аныкталса териштирүү үчүн бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрөрүн кошумчалады.