https://sputnik.kg/20241211/zakharova-siriyadagy-kyrdaalga-kommentariy-berdi-1090746373.html
Захарова Сирия окуяларынын фонунда Россияга азыр эмне маанилүү экенин айтты
Захарова Сирия окуяларынын фонунда Россияга азыр эмне маанилүү экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Москва Сириядагы россиялыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык иштерди жасайт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T16:23+0600
2024-12-11T16:23+0600
2024-12-11T16:23+0600
дүйнөдө
сирия
россия
мария захарова
дипломат
коопсуздук
кепилдик
https://sputnik.kg/img/07e7/03/16/1073791820_0:0:3436:1933_1920x0_80_0_0_fba63f4ece476e5b0eb177be6dccbf6c.jpg
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Москва Сириядагы россиялыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык иштерди жасайт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. Захарова эч кандай бөлүп-жаруучулук жок экендигин, кеп россиялык адистер, аскерлер, дипломаттар, россиялык ЖМКлар менен кызматташкан сириялыктардын, журналисттердин үй-бүлөлөрү туурасында болуп жаткандыгын айтты.2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениеден жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес. Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан.Агенттиктин маектеши РФ бийлиги Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен байланышта болуп турганын, лидерлер россиялык аскер база менен дипломатиялык мекмелердин коопсуздугуна кепилдик берилгенин билдирген.Кечээтен тарта Сириянын убактылуу өкмөтүн Мухаммед аль-Башир жетектей баштады.
https://sputnik.kg/20241211/siriya-armiyasy-asaddyn-tuuganyn-olum-zhazasyna-tartty-1090731287.html
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/16/1073791820_705:0:3436:2048_1920x0_80_0_0_c5992f99465588b45bb977c79bfed8b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, сирия, россия, мария захарова, дипломат, коопсуздук, кепилдик
дүйнөдө, сирия, россия, мария захарова, дипломат, коопсуздук, кепилдик
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Москва Сириядагы россиялыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык иштерди жасайт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын
РИА Новости жазды.
"Азыр маанилүү нерсе, биздин приоритет жарандарыбыздын, бардык мекендештерибиздин коопсуздугу экени талашсыз", — деген ал.
Захарова эч кандай бөлүп-жаруучулук жок экендигин, кеп россиялык адистер, аскерлер, дипломаттар, россиялык ЖМКлар менен кызматташкан сириялыктардын, журналисттердин үй-бүлөлөрү туурасында болуп жаткандыгын айтты.
2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениеден жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.
Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес. Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан.
Агенттиктин маектеши РФ бийлиги Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен байланышта болуп турганын, лидерлер россиялык аскер база менен дипломатиялык мекмелердин коопсуздугуна кепилдик берилгенин билдирген.
Кечээтен тарта Сириянын убактылуу өкмөтүн Мухаммед аль-Башир
жетектей баштады.
11 Бештин айы 2024, 09:45