https://sputnik.kg/20241211/kyrgyzstan-ukmk-kamchybek-tashiyev--1090740319.html
Абхаз, армян номерлүү автоунааларга тыюу салуу тапшырылганы айтылды
Абхаз, армян номерлүү автоунааларга тыюу салуу тапшырылганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү автоунаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T12:49+0600
2024-12-11T12:49+0600
2024-12-11T13:00+0600
кыргызстан
автоунаа
укмк
камчыбек ташиев
жогорку кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090524528_0:1:1280:721_1920x0_80_0_0_b69927f158c342e04f7828d28b1293d6.jpg
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү автоунаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.Комитет жетекчиси бул маселе боюнча бүгүн тиешелүү органдар менен жыйын өткөргөнүн маалымдап, жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берген.ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар.Ташиев мындай автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты."Мыйзамдаштырбай тургандары да бар, аларды тооккана кылышат же алып чыгып кетишет. Болбой турган, талкаланган автокөлүктөрдү мыйзамдаштыра албайбыз", — деди Ташиев.Ал ошондой эле оң рулдуу машиналардын ээлерин митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды. "15 миң автоунаанын ээлери WhatsApp аркылуу бири-бирине чогулалы, митинг кылалы деп жатышат. Андайды, ойлонбогула! Өзүңөр биринчи мыйзамсыз машиналарды алып келдиңер, эми мамлекеттин мыйзамын бузам дебегиле", — деди ал.
https://sputnik.kg/20241211/kyrgyz-tazhik-chek-arasynyn-kartografiyasy-yanvarda-zhkga-kirgizilet-1090736977.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090524528_160:0:1121:721_1920x0_80_0_0_2da2d0ef180da202f74149831cac94e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, автоунаа, укмк, камчыбек ташиев, жогорку кеңеш
кыргызстан, автоунаа, укмк, камчыбек ташиев, жогорку кеңеш
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү автоунаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Комитет жетекчиси бул маселе боюнча бүгүн тиешелүү органдар менен жыйын өткөргөнүн маалымдап, жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берген.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар.
"Мунун баары өлкөгө мыйзамсыз кирген. Тетик деп алып келинип, машина куралган. Алардын 90 пайызынын документи жок. Кайдан, кимден алып келди дайынсыз. Легалдаштырабыз деп тескерисинче, криминалдаштырып албайлы", — деди УКМК төрагасы.
Ташиев мындай автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты.
1-этапта — документи барлар каралат;
2-этапта — техникалык абалы жакшыларды комиссия менен карап чыгат;
3-этап кандай өтөрү айтылган жок.
"Мыйзамдаштырбай тургандары да бар, аларды тооккана кылышат же алып чыгып кетишет. Болбой турган, талкаланган автокөлүктөрдү мыйзамдаштыра албайбыз", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле оң рулдуу машиналардын ээлерин митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.
"15 миң автоунаанын ээлери WhatsApp аркылуу бири-бирине чогулалы, митинг кылалы деп жатышат. Андайды, ойлонбогула! Өзүңөр биринчи мыйзамсыз машиналарды алып келдиңер, эми мамлекеттин мыйзамын бузам дебегиле", — деди ал.
11 Бештин айы 2024, 12:02