00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке макулдашууга январдын аягына чейин киргизилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, карта учурда чийилип жатат, ал эми өзү эки күндөн кийин Тажикстанга барат. “Картографияны январдын аягына чейин алып келебиз. Баары ачык болот. Ар бир үй, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Чек ара маселеси тажик тарап менен достук келишими, макулдашуу менен чечилди”, — деди УКМК төрагасы. Эскерте кетсек, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.
Жыл башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча бюджеттик негизде 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, декабрдын аягына чейин дагы ушундай эки операция кылынат. Ал эми 2025-жылга бюджеттик негизде 50 операция мерчемделүүдө. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргыз хирургдары тарабынан жасалып келет. Жалпысынан 62 операция болду. Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу 13 жаштагы кыздын сөөк чучугу алмаштарылды. Дары каражаттары менен камсыздоо иштерин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө миң сом айыппул салынарын билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрөт. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамга ылайык айып пул салынат. Учурда коомдук транспортко жол акы “Тулпар” карт жана банктык карталар менен 17 сом, ал эми накталай төлөм 20 сомдон.
Рада депутаты Артем Дмитрук Белта агенттигине маек куруп жатып Россия, АКШ жана Беларуска Украинанын кийинки тагдырын чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу редакциянын YouTube каналына жарыяланган видеого таянып РИА Новости жазды. "Алсызбыз, ооба, мойнубузга алабыз. Биз, Украина, өз алдынчалыгыбызды, суверенитетти жоготтук. Россиялыктар, америкалыктар, беларустар, биз үчүн чечим кабыл алгылачы, киши өлтүргүчтү өлкөбүздөн кууп чыгып, талапкерлерди аныктап бергилечи", — деп кайрылган депутат. Эл өкүлүнүн айтымында, бул үчүн Россия, Беларусь жана АКШ алгач убактылуу өкмөттү аныктап алышы зарыл, мындан соң ал үч өлкө биргелешип түзгөн комиссиянын көзөмөлү менен шайлоо дайындашы керек.Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 20-майда бүткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0