00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол куруу долбоорунан толугу менен чыкканын жарыялады. Бул туурасында ал "Регион ТВ" каналына маек берип жатканда билдирген.Анын айтымында, атасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик каражаттар уурдалып жатканына ишарат жасаган блогердик видеоматериалдардан кийин, долбоордон чыгууну сунуштаган.Ал жол куруу үчүн акча кайдан алынгандыгы боюнча берилген суроого үй-бүлөсү 20 жыл мурда алган заводду кайра сатып жана ага кошумча насыя алгандыктарын айткан.Таймурас Ташиев трасса өзүн 15-20 жылда актаарын кошумчалаган. Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү Өзгөн айланма жолун ачууга кечээ президент Садыр Жапаров катышты. Мурдараак трассаны куруп жаткан менчик компаниянын артында Ташиевдин уулу Таймурас турары айтылган.
Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйында белгиленгендей, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болмокчу. "Айрым ЖМКлар редакциялык саясатына байланыштуу баш тартышты. Биз тараптан сынакка катыштырбай коюуга чектөө коюлган жок. Кийинки жылдары бул сыйлыкка өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Орунбеков. Жыйында комиссиянын мүчөлөрү түшкөн материалдарды калыс баалоого шарт түзүлүп, басым-кысым болбогонун белгилешти. Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган. "Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль аскердик абал киргизгени үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Мамлекеттин башчысы бул нерсе элге тынчсыздануу менен ыңгайсыздык жаратканын мойнуна алган. Ошондой эле анын импичментине добуш берүү жүрүп жатканда аскердик абалды кайрадан киргизбөөгө убада кылып, ал эми өткөндөгү чечими үчүн жоопкерчилик тартуудан качпай турганын айткан.Президенттин кайрылуусунан кийин Түштүк Кореянын оппозициясы аны тез арада отставкага кетүүсүн талап кылды. Өлкөнүн башкаруучу партиясынын лидери Хан Дон Хун ал өз милдеттерин так аткара албай турганын айткан.3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялаган. Бирок анын мындай кадамын парламент колдогон эмес.
9-12-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионат бокс боюнча жаштар арасында туңгуч дүйнө чемпиону, Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналат. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0