00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Киноблог
Продюсеры фестивального и коммерческого кино: что их разделяет?
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Кыргызстанда спорт тармагындагы менеджмент жана маркетинг кандай абалда?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Транспортный налог, туризм в Караколе и угрозы вируса — что обсуждали на этой неделе?
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам жаңы жылга чейин кабыл алынып калат деп үмүттөнүп жатканын айтты. Буга чейин УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытында мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Депутат Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса мүлкүн легалдаштыргандардын тагдыры эмне болоруна кызыкты. "Бул мыйзам долбоору кабыл алына элек. Ал үч окуудан тез арада кабыл алынып, президент кол коюп берсе мыйзам 2025-жылдан баштап ишке кирет деген үмүттөмүн. Тамашалап айтканда, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыш кылганга убактысы бар. Андан кийин айыптар жоюлуп, коррупционерлер камалат", — деди Ташиев. Ошондой эле ал буга чейин кармалгандардын 80 пайызы айып төлөп кутулуп кетип жүргөнүн белгилеп, эми андай болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдын алкагында коррупцияга айыпталгандардын 80 пайызы айып пул менен чыгып, 13 пайызы гана соттолгон.
Жогорку Кеңештин депутаттары 5-декабрдагы жыйынында Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду. 4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, ал эми Жылдыз Полотова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон.
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкө боюнча 2 732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түздү. Тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар. Жабыркагандардын саны 22 адамды түзөт. Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3 174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 290 млн 195 миң сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса, жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.
Франциянын премьер-министри Мишель Барньеге солчулдар партиясы сунуштаган ишеним көрсөтпөө демилгесин парламенттин көпчүлүк депутаттары колдоп, чечим кабыл алынды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Вотумду 577 мыйзамчынын 331и колдогон. Мишель Барнье премьерлик орунду бошотууга мажбур болгон. Ал эми өкмөт 1962-жылдан бери биринчи ирет отставкага жөнөтүлдү. Буга чейин өлкө башчы ушул жуманын аягында Парижде собордун реставрациядан кийин ачыла турган салтанатында "Дональд Трамптын алдында өкмөтсүз турбашы үчүн" премьер-министрди 24 сааттын ичинде дайындай турганы айтылган. Жогорудагы ишеним көрсөтпөө вотуму жарыялангандан кийин Макрондун оставкасын талап кылыш үчүн да петиция башталган.
Биткоиндин баасы бейшемби күнү рекорддук көрсөткүчкө жетип, тарыхта биринчи ирет 100 миң доллардан өйдө болду. Бул туурасында соода биржаларынын маалыматында айтылган. Binance криптовалюта биржаларында биткоин азыркы сааттарга карата 103 000 долларга сатылып жатат. Криптовалюта АКШдагы президенттик шайлоодо Трамптын жеңиши тууралуу маалыматтардан кийин кымбаттай баштады. Буга чейин Кыргызстан да криптобанк түзүп, криптовалюта менен операцияларды мыйзамдаштырууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга алып чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0