https://sputnik.kg/20241203/yeaeb-birzha-meykindigi-broker-1090569591.html
ЕАЭБде бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө дагы бир кадам жасалды
ЕАЭБде бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө дагы бир кадам жасалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери бир мамлекеттин брокер жана дилерлерине уюмдун башка өлкөлөрүнүн биржалык соодалашуусуна катышууга... 03.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-03T09:28+0600
2024-12-03T09:28+0600
2024-12-03T09:28+0600
еаэб
биржа
мейкиндик
финансы
экономика
брокер
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090569694_0:83:3346:1965_1920x0_80_0_0_1c423987946ad73a52c69c7af5c69349.jpg
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери бир мамлекеттин брокер жана дилерлерине уюмдун башка өлкөлөрүнүн биржалык соодалашуусуна катышууга мүмкүндүк берүү келишиминин долбоорун жактырышты.ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришкендей, келишимдин долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнө ички макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн.ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей, бул долбоор мурда кабыл алынган Баалуу кагаздарды кабыл алуу жана жүгүртүү жөнүндө макулдашуу менен биргеликте ЕАЭБдин алкагында жалпы финансылык рынокту жана биржалык мейкиндикти түзүүгө багытталган.
https://sputnik.kg/20241126/yeaeb-ruslan-davydov-soda-ekonomika-1090420888.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090569694_308:0:3039:2048_1920x0_80_0_0_f0849f389c8ce6075e539ef928d795c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, биржа, мейкиндик, финансы, экономика, брокер
еаэб, биржа, мейкиндик, финансы, экономика, брокер
ЕАЭБде бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө дагы бир кадам жасалды
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери бир мамлекеттин брокер жана дилерлерине уюмдун башка өлкөлөрүнүн биржалык соодалашуусуна катышууга мүмкүндүк берүү келишиминин долбоорун жактырышты.
ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришкендей, келишимдин долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнө ички макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн.
"Макулдашуу биржалык операциялар үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзүүгө шарт түзөт. Анда брокерлер менен дилерлер өз өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштей алышат. Бул документ инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, ошондой эле ЕАЭБ биржалык аянтчаларында сатылган финансылык инструменттердин ликвиддүүлүгүн жана кызыгуусун жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.
ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей, бул долбоор мурда кабыл алынган Баалуу кагаздарды кабыл алуу жана жүгүртүү жөнүндө макулдашуу менен биргеликте ЕАЭБдин алкагында жалпы финансылык рынокту жана биржалык мейкиндикти түзүүгө багытталган.