https://sputnik.kg/20241203/kyrgyzstanda-14-minden-ashyk-adam-mulkun-legaldashtyrdy-1090573884.html
Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды
Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды
Sputnik Кыргызстан
Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Советбек Токтосунов мүлктү легалдаштыруу мыйзамы бардык кыргызстандыктарга... 03.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-03T11:22+0600
2024-12-03T11:22+0600
2024-12-03T11:23+0600
радио
кыргызстан
мүлк
легалдаштыруу
нотариус
мунапыс
советбек токтосунов
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090574064_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_727eb298626044f9944f0b5cf7ecaebd.jpg
Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды
Ушул жылдын ноябрь айына карата маалымат боюнча Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу легалдаштырды. Бул тууралуу Советбек Токтосунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, 140га жакын жарандын активи 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөп, декларация толтурду.Ошондой эле ал мүлктү легалдаштыруу үчүн декларацияны мамлекеттик жана жеке нотариалдык конторалардан толтурууга болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090574064_129:0:2858:2047_1920x0_80_0_0_6e138df2f3bfd4f7403f9b352056e9c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мүлк, легалдаштыруу, нотариус, мунапыс, аудио, советбек токтосунов
кыргызстан, мүлк, легалдаштыруу, нотариус, мунапыс, аудио, советбек токтосунов
Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды
11:22 03.12.2024 (Жаңыртылды: 11:23 03.12.2024) Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Советбек Токтосунов мүлктү легалдаштыруу мыйзамы бардык кыргызстандыктарга тиешелүү экенин, ага активдүү катышуу керектигин айтты.
Ушул жылдын ноябрь айына карата маалымат боюнча Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу легалдаштырды. Бул тууралуу Советбек Токтосунов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 140га жакын жарандын активи 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөп, декларация толтурду.
"2023-жылы президент Садыр Жапаров "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамына кол койгон. Экономика жана коммерция министрлиги активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн 2024-жылдын 31-декабрына этегине чейин узартууну сунуштап, ал кабыл алынган. Ушул жылдын ноябрь айына карата берилген маалымат боюнча Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырды. 140ка жакын жарандын активи 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөп, декларация толтурду. Жыл аягына чейин көбү декларациясын толтуруп, бул көрсөткүч дагы өсөт деп турабыз. Бул мыйзам бардык кыргызстандыктарга тиешелүү, ага активдүү катышуу керек", — деди Токтосунов.
Ошондой эле ал мүлктү легалдаштыруу үчүн декларацияны мамлекеттик жана жеке нотариалдык конторалардан толтурууга болорун кошумчалады.