00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок болгон турак жай, кеңсе, соода борборлорун курдурбагыла! Мындай тапшырманы Камчыбек Ташиев калаа мэри Айбек Жунушалиевге берди. “Бардык жерде унаа токтотуучу жай болушу керек. Чет өлкөлөрдө ар бир үйдүн астында унаа токтотуучу жайлар бар, ошондуктан тыгын аз. Бизде жок да”, — деди УКМК төрагасы. Шаар жетекчиси жакында эле унаа токтотуучу жайды бутик кылып алган жайдын ээсине эскертүү берип, жайды калыбына келтирүүнү тапшырганын айтты.
Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү, жакында ачылат. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолду ачууга даярдыктарды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев көрүп чыккан. "Аталган жолдун узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктады. Учурда жолдун четине коопсуз тосмолорду орнотуу жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, бул жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Бийлик бул айланма жол ачылгандан кийин Бишкек — Ош трассасында тыгын азаярын, айдоочулар Өзгөнгө кирбей эле түз өтүп кетип каларын билдирди. Буга чейин Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас тапканын билдирген.
Россиянын Москва шаарына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, иш күндөрү саат 11:00-18:00дө ВДНХдагы Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңеш берип иштей баштады. "Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ушул жылдын 15-апрелинде "үлүштүк курулуш" механизми иштеп баштаган. Ал чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте 18 жаштагы жигит жаңы салынып жаткан үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдиришти. Маалым болгондой, ал бала курулушта иштеп жүргөн. Окуя 27-ноябрда саат 18:00дө болгон. Кайсы курулуш компаниясынын имараты экени азырынча белгисиз. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Батыш Украинанын согуштук жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн өлкөгө саны 100 миңге чукул "тынчтык орнотуучу контингентти" киргизүүнү пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Тышкы чалгын кызматына таянып кабарлады. "Батыш койгон максаттарын аткаруу үчүн Украинаны, мындайча айтканда, басып алууга туура келет. Албетте, бул нерсе өлкөнүн аймагына "тынчтык орнотуучуларды" алып киребиз деген шылтоо менен жасалмакчы. Баш-аягы Украинага мындай 100 миң кишини киргизүү пландалып жатат", — деп айтылган маалыматта. Чалгын кызматынын билдиргенине караганда, республиканы баскынчылар арасында төрткө бөлүп кетүү каралууда. Кара деңиздин бою Румынияга, Украинанын батышы — Польшага, борбору менен чыгышы — Германияга, түндүк облустары Улуу Британияга кетет деген божомол бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0