https://sputnik.kg/20241128/bajdendin-kievge-zhardamy-kechikti-1090468524.html
ЖМК: Байдендин Киевге жардамы кечикти, Украинанын абалы эми оорлой берет
ЖМК: Байдендин Киевге жардамы кечикти, Украинанын абалы эми оорлой берет
Sputnik Кыргызстан
Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник"... 28.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-28T13:07+0600
2024-11-28T13:07+0600
2024-11-28T13:07+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
атайын операция
акш
мина
ракета
согуш
жо байден
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1c/1090462801_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_60768203a0cb97187b16640748656d62.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Киевге америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү чечими согуш талаасындагы абалды бир топ начарлатат. Бул тууралуу Defense News басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.Макалада жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды берүү жана Пентагондун техникаларды оңдоп-тейлөөчү подрядчыларды Украинага жөнөтүү чечимин да ушундай эле тагдыр күтүп турганы белгиленген.Америкалык аскерий басылма Вашингтондун жүргүзүп жаткан азыркы саясаты Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроосун тездетиши мүмкүн экенин белгиледи. Буга Киевдин Курск облусуна жасалган чабуулду колдоп туруу үчүн ансыз да аз болуп турган ресурсун багыттоосу себеп болот. Украина буга чейин ээлеп алган аймактарынан сүрүлүп жатканы байма-бай айтылып келет."Экинчи жагынан жөө аскерлерге каршы миналардын беришили Украинанын коргонууга өтүүсүнө жардам бермек. Украина аларды суук түшүп жер тоңгуча пайдаланып калгыдай болушу керек. Бирок миналар жетиштүү көлөмдө жана тез арада келери күмөн", — деп айтылат макалада.Эскерте кетсек, өткөн бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылган. Өлкө башчы Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен Курск жана Брянск облустарына урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын сынап көргөнүн айткан. Сокку Днепропетровскидеги ракеталык техника өндүргөн ири өнөр жай комплексине урулуп, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал максатына жеткен.Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.
https://sputnik.kg/20241128/rossiya-akshny-ukrainadagy-kadamdarynan-sestengidej-kylat-1090465261.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1c/1090462801_239:0:2970:2048_1920x0_80_0_0_da85df06568a4a4353fdef1d8f5a015f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, акш, мина, ракета, согуш, жо байден
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, акш, мина, ракета, согуш, жо байден
ЖМК: Байдендин Киевге жардамы кечикти, Украинанын абалы эми оорлой берет
Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын кое берген.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Киевге америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү чечими согуш талаасындагы абалды бир топ начарлатат. Бул тууралуу Defense News басылмасына таянуу менен
РИА Новости жазды.
Макалада жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды берүү жана Пентагондун техникаларды оңдоп-тейлөөчү подрядчыларды Украинага жөнөтүү чечимин да ушундай эле тагдыр күтүп турганы белгиленген.
"Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү, жаңы курал-жарак жөнөтүү чечими кечигип кабыл алынды. Азыр бул Украинага согуш талаасында же сүйлөшүү учурунда эч кандай артыкчылык бербейт, тескерисинче, Киевдин алын кетирип, АКШны кыйын абалга кептейт. Администрациянын өкүлдөрү көрүлүп жаткан аракеттер согуштун курсун өзгөртө албай турганын моюндашууда", — деп айтылат материалда.
Америкалык аскерий басылма Вашингтондун жүргүзүп жаткан азыркы саясаты Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроосун тездетиши мүмкүн экенин белгиледи. Буга Киевдин Курск облусуна жасалган чабуулду колдоп туруу үчүн ансыз да аз болуп турган ресурсун багыттоосу себеп болот. Украина буга чейин ээлеп алган аймактарынан сүрүлүп жатканы байма-бай айтылып келет.
"Экинчи жагынан жөө аскерлерге каршы миналардын беришили Украинанын коргонууга өтүүсүнө жардам бермек. Украина аларды суук түшүп жер тоңгуча пайдаланып калгыдай болушу керек. Бирок миналар жетиштүү көлөмдө жана тез арада келери күмөн", — деп айтылат макалада.
Эскерте кетсек, өткөн бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылган. Өлкө башчы Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен Курск жана Брянск облустарына урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын сынап көргөнүн айткан. Сокку Днепропетровскидеги ракеталык техника өндүргөн ири өнөр жай комплексине урулуп, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал максатына жеткен.
Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.