00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:00
4 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Дүйнөдөгү кырдаал тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астанадагы ЖККУнун саммитинде билдирди. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйында эл аралык жана регионалдык коопсуздук, ошондой эле ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды.Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен уюмдун потенциалын бекемдөө ишинде олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун баса белгиледи. ЖККУнун төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.
Астанада ЖККУнун уставдык органдары: ТИМ башчылары, коргоо министрлери жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматта жыйында ТИМинин башчысы Жээнбек Кулубаев 2025-жылдагы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.Биргелешкен жыйында мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө, Афганстандагы абал, ошондой эле ЖККУнун Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын байкоочусу болгонунун 20 жылдыгы боюнча биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Буга катар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында мүчө мамлекеттердин саясий жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү, уюмдун ишмердүүлүгүн финансылык, экономикалык жана укуктук камсыздоо боюнча чечимдердин долбоорлору бекитилген.
Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 айда 68 млн долларды түздү. Бул тууралуу кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынында белгилүү болду. Тараптар жакынкы 3 жылда товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 500 млн долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда иш алып барууну күчөтүүнү макулдашты. Тараптар ошондой эле Минск менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча позициялардын дал келээрин белгилешти.
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Киевге америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү чечими согуш талаасындагы абалды бир топ начарлатат. Бул тууралуу Defense News басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды. Макалада жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды берүү жана Пентагондун техникаларды оңдоп-тейлөөчү подрядчыларды Украинага жөнөтүү чечимин да ушундай эле тагдыр күтүп турганы белгиленген.Америкалык аскерий басылма Вашингтондун жүргүзүп жаткан азыркы саясаты Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроосун тездетиши мүмкүн экенин белгиледи. Буга Киевдин Курск облусуна жасалган чабуулду колдоп туруу үчүн ансыз да аз болуп турган ресурсун багыттоосу себеп болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0