00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Балдар ичеги-карын инфекциялары, вирустук оорулар: алдын алуу, эмдөө жана ата-эненин жоопкерчилиги
15:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Обычная уборка на даче может закончиться хантавирусом — врачи объясняют почему
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Эл арасында, өнөр жолунда: Темирхан Кеңешбековдун чыгармачылыгы
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«В мире вырос запрос на справедливость» — экс-министр иностранных дел о победе кыргызской дипломатии
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
АТРдин алкагында аймактарды кантип өнүктүрөбүз?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
Балдар ичеги-карын инфекциялары, вирустук оорулар: алдын алуу, эмдөө жана ата-эненин жоопкерчилиги
21:12
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар Эмгек кодексинин долбоорун комитетке кайтарышты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек кодексинин долбоорун экинчи окуу режимине комитетке кайтарышты.
Сунушту депутат Балбак Түлөбаев киргизип, кодекстин 120-беренесине ылайык, бийик тоолуу аймактар 2000 метрден башталат деп көрсөтүлгөнүн, аны 1800 метрге өзгөртүү керектигин жүйө келтирди.
"Кодексти ушул боюнча кабыл алсак бийик тоолуу аймакта жашагандар кыйналат. Өкмөт муну эмнеге кылып жатканын билбейм. Башка мыйзамдарда жазылуу деп жатышат, бирок кодекс алардан жогору турат. Мындай ишке барбагыла", — деди эл өкүлү.
Кесиптешин депутат Улан Примов да колдоп, сунушталган документ бийик тоолуу аймактардагы өргүү алгандагы компенсация жана башка төлөмдөргө таасирин тийгизерин белгиледи. Ал 2022-жылы бул багытта кабыл алынган токтом аткарылбай жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде эл өкүлү Динара Ашимова комиссиянын курамында депутаттар болгону менен алардын пикири эске алынбаганын айтып чыкты. Депутат сунушталган долбоор боюнча буга чейин бийик тоолуу аймактарга киргизилген айылдар ал тизмеден чыгып калат деген кооптонуусун билдирди.
Депутат Улугбек Ормонов да бул маселе боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотовадан түшүндүрмө берүүнү суранды. Министр сунушталган Эмгек кодексинде бийик тоолуу аймактар боюнча эч кандай өзгөртүү жок экенин айтты.
"Учурдагы кодексте 2000 метрден жогору айылдар үчүн 12 күнгө чейин кошумча өргүү каралган. Бул өзгөртүүсүз калды", — деди Полотова.
Өз кезегинде Түлөбаев президент жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өкмөттөгү иретсиздикти жөнгө салууга чакырды.
Жыйынтыгында катталган 77 депутаттын 70и "макул" деп добуш берип, документ комитетке кайтарылды.
Термометр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2024
Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0