https://sputnik.kg/20241126/kyrgyzstan-bishkek-nurdan-oruntayev-kurulush-1090422978.html
Орунтаев совет доорундагы үйлөрдүн бузулушу боюнча: шарт баарына ыңгайлуу болот
Орунтаев совет доорундагы үйлөрдүн бузулушу боюнча: шарт баарына ыңгайлуу болот
Sputnik Кыргызстан
Мамкурулуштун башчысы эски үйлөрдү буздуруп, ордуна жаңысын салууда жеке менчикке кол салуу болбой турганын, программа ыктыярдуу ишке ашырыларын белгиледи. 26.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-26T14:47+0600
2024-11-26T14:47+0600
2024-11-26T14:47+0600
кыргызстан
бишкек
нурдан орунтаев
курулуш
бузуу
турак үй
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075660980_31:47:868:518_1920x0_80_0_0_d5270c47449b6b888436649f520fcac5.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Совет доорунда курулган "сталинка", "хрущевка" жана башка эски үйлөрдүн ар бир чарчы метри сатып алынат же ыңгайлуу шарт сунушталат. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.Анын айтымында, азырынча бул программа оозеки гана талкууланып, тиешелүү аракеттер көрүлө элек.Ал ошондой эле Бишкекте Мамкурулуштун реестринде СССР убагында колдонууга берилген көп кабаттуу 1 500 үй бар экенин кошумчалады. Булардын ичинен 1970-жылга чейин тургузулгандары да бар.Мамкурулуштун жетекчисинин айткандарынан урунттуу учурлары:Эске салсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделип жатканын, бул чечим жердин тартыштыгынан улам болуп жатканын айткан.
https://sputnik.kg/20240720/kyrgyzstan-bishke-dron-video-1087193758.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075660980_50:0:850:600_1920x0_80_0_0_adceb97d87a8d9a8cbbddd5f9d420f80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, нурдан орунтаев, курулуш, бузуу, турак үй
кыргызстан, бишкек, нурдан орунтаев, курулуш, бузуу, турак үй
Орунтаев совет доорундагы үйлөрдүн бузулушу боюнча: шарт баарына ыңгайлуу болот
Мамкурулуштун башчысы эски үйлөрдү буздуруп, ордуна жаңысын салууда жеке менчикке кол салуу болбой турганын, программа ыктыярдуу ишке ашырыларын белгиледи.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Совет доорунда курулган "сталинка", "хрущевка" жана башка эски үйлөрдүн ар бир чарчы метри сатып алынат же ыңгайлуу шарт сунушталат. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, азырынча бул программа оозеки гана талкууланып, тиешелүү аракеттер көрүлө элек.
"Реновация — жаңылануу. Совет доорунда курулган үйлөрдө өмүр бою жашабайбыз да, алар урап калгыча күтпөйбүз. Ооба, үйлөр убагында сапаттуу курулган, бирок ар бир нерсенин колдонуу мөөнөтү бар. СССР убагында курулган үйлөр 50-70 жылга эсептелген, алардын пайдалануу мөөнөтү келип жетти", — деди Орунтаев.
Ал ошондой эле Бишкекте Мамкурулуштун реестринде СССР убагында колдонууга берилген көп кабаттуу 1 500 үй бар экенин кошумчалады. Булардын ичинен 1970-жылга чейин тургузулгандары да бар.
Мамкурулуштун жетекчисинин айткандарынан урунттуу учурлары:
реновациянын жаңы программасы боюнча, алгач пайдубалы жок үйлөр буздурулуп, алардын ордуна жогорку технологиялык объектилер салынат;
программа эки жол: инвестиция жана мамлекеттик бюджетти тартуу менен ишке ашырылат;
курулуш компаниялары (инвестор) тиешелүү маморгандан уруксат алып, жашоочулар менен жер тилкесин сатып алууну макулдашышы керек;
программа муктаждык болгон калктуу конуштарда гана ишке ашырылат.
Эске салсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделип жатканын, бул чечим
жердин тартыштыгынан улам болуп жатканын айткан.