https://sputnik.kg/20241126/kyrgyzstan-ant-mamlekettik-kyzmat-1090418981.html
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ант берүүнү кайтаруу сунушталды
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ант берүүнү кайтаруу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирип жаткандар ант берүүсү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты... 26.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-26T12:29+0600
2024-11-26T12:29+0600
2024-11-26T12:29+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
жеңишбек токторбаев
ант
мамлекеттик кызмат
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/13/1050119231_0:320:3073:2048_1920x0_80_0_0_18e9082b587457167c9b34bd7d28f8e3.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирип жаткандар ант берүүсү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев коомдук талкууга чыгарган.Документте 2016-жылдын 30-майындагы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамда ант берүү каралганы, бирок учурдагы редакциясында ал норма жок экени белгиленди.Мындан улам аталган мыйзамга өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматка алгачкы жолу кирген кызматкер жетекчиликтин жана кесиптештеринин алдында ант берет. Бул норманын киргизилиши кызматкердин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана элге кызмат кылуу милдетине берилгендигинин символу болуп саналары айтылган.Анттын текстинде кызматкер Конституцияны, мыйзамдарды так сактап, ак ниет жана чынчылдык менен өз милдеттерин аткарары белгиленген.
https://sputnik.kg/20241009/kyrgyzstan-miyzam-chinovnik-1089348480.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/13/1050119231_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_9788431eaf7821aa8cc2d0d4bf8b212a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, жеңишбек токторбаев , ант, мамлекеттик кызмат
кыргызстан, жогорку кеңеш, жеңишбек токторбаев , ант, мамлекеттик кызмат
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ант берүүнү кайтаруу сунушталды
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирип жаткандар ант берүүсү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев коомдук талкууга чыгарган.
Документте 2016-жылдын 30-майындагы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамда ант берүү каралганы, бирок учурдагы редакциясында ал норма жок экени белгиленди.
Мындан улам аталган мыйзамга өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматка алгачкы жолу кирген кызматкер жетекчиликтин жана кесиптештеринин алдында ант берет. Бул норманын киргизилиши кызматкердин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана элге кызмат кылуу милдетине берилгендигинин символу болуп саналары айтылган.
Анттын текстинде кызматкер Конституцияны, мыйзамдарды так сактап, ак ниет жана чынчылдык менен өз милдеттерин аткарары белгиленген.
9 Тогуздун айы 2024, 18:32