00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орбан Батыш цивилизациясы үстөмдүк кылган доор соңуна чыкканын айтты

© AFP / ALEX HALADAВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2024
Жазылуу
Өкмөт башчы Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Батыш цивилизациясынын 500 жылдан бери үстөмдүк кылып келе жаткан доору соңуна чыкты, аалам чордонун Батышка оодаруу стратегиясы кыйрап, дүйнөлүк экономика Чыгышка нугун бурду, кийинки кылым Евразиянын мезгили болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Будапештте өтүп жаткан "Евразия" форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш цивилизациясынын 500 жылдык үстөмдүгү аяктады... Бүтүндөй дүйнө батыш модели менен түзүлүп, тандалып алынган элдер буга экономикалык жана финансылык кызыкчылыгын алмаштырууга даяр болот деген идея ишке ашкан жок", — деген премьер-министр.
Орбандын айтымында, ушу тапта Азия мамлекеттери "күчтүүлүк кылып, бутуна туруп, экономикалык жана саясий жактан көз каранды болбой жашап кетерин далилдешти". Натыйжада "дүйнөлүк экономиканын нугу Чыгышка бурулуп, чыгыш экономикасы Батыштыкына караганда төрт эсе ылдам өнүгүүдө".
"Канча кылымдан бери Батыш эң эле акылдуу, өнүккөн, бай аталып көнүп калган. Андай болбой калганын моюнга алуу жеңил нерсе эмес", — деген Венгриянын өкмөт башчысы.
Премьер-министр "кийинки кылым Евразиянын доору болорун" божомолдоду. Анын айтымында, Евразия Жер калкынын 70 пайызы жашаган жана дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 70 пайыздан ашкан эң ири континент болуп саналат.
"Европа бүгүнкү күндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам жеңилген тарап болуп саналат. Сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнө келсек, эгер Евробиримдик АКШнын бир бөлүгү болсо жакырчылык боюнча үчүнчү орунда турган штат болмок. Бул Европа дайым жеңилүүгө дуушар болуп келгенин, азыр да биринчи кезекте турган жеңилүүчү экенин көрсөтөт. Дүйнөлүк экономиканын тизмесинде турган алдыңкы бештикте Европа мамлекеттери жок", — деди Орбан.
Премьердин айтымында, Европа азыр өзүн евразиялык контекстке да сыйдыра албайт, бүгүнкү күндө европалык лидерлердин арасында бөлүп-жаруу идеясынан алыс, Азия мамлекеттери менен карым-катыш түзүп, Европа Евразиянын бир бөлүгү деген жүйө менен түзүлгөн кырдаалдан пайда көрүүгө "акыл-эси жетиги" жок. Демек, Европа дагы көп жылдар бою артта калып келе берет.
Буга чейин Орбан Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен. Анын айтымында, Венгрия тигил тарапка да, бул жагына да кошулууну каалабайт, бирок эки жээк менен тең экономикалык алаканы сактап калууга ниети күч. Батыштын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жаткан мезгилде Венгрия дүйнөлүк моделдерден иргеп, өзүнүн экономикалык моделин табууга кызыкдар.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто да Будапешт жаңы кансыз согуш жана Чыгыш менен Батышты эки жээкке бөлгөн "темир тор" идеяларын колдобой турганын бир нече ирет белгилеген. Анын айтымында, Европа экономикалык кыйроонун алдын алып азыркы геосаясий кырдаалда Азия менен кызматташтыгын күчөтүүсү зарыл. Сийярто ири экономикалык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү Чыгыш мамлекеттери деген пикирде.
Венгрия премьер-министри Виктор Орбан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен дипломатиялык байланышты жандандыргыла. Орбандын ЕБге сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0