00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2024-жылы Кыргызстанда 86,5 миң тонна бензин өндүрүлгөнКремль Украинага тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат берилиши тууралууКыргызстанда субъективдүү жакырчылыктын деңгээли төмөндөгөнүн Акылбек Жапаров билдирдиАлдыда кененирээкКыргызстанда субъективдүү жакырчылыктын деңгээли төмөндөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында билдирди. Өзүн жакыр деп эсептеген үй-бүлөлөрдүн үлүшү 2021-жылдагы 29 пайыздан 16 пайызга, 2024-жылы айылдарда, шаарларда 30 пайыздан 18 пайызга чейин азайгандыгы белгиленди. "2030-жылга карата өлкөбүз башкаларга үлгү гана болуп калбастан, кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп чын дилимден ишенем", — деди Жапаров. Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнүн катышы, көз карандысыз Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилдеги жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды. Жапаровдун айтымында, 2021-жылдан бери өлкөнүн экономикасы тез жана туруктуу өсүүдө. ИДПнын орточо өсүү темпи 9 пайызды түзөт.
Эгер Украинага Россиянын тереңине ыраакка атылуучу курал менен сокку урууга чындап уруксат берилип, Киев режими мындан расмий кабардар болсо, анда каршылашуунун нугу өзгөрөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, чыңалуу күчөп, АКШнын аралашуусун эске алганда таптакыр башка кырдаал түзүлөт. "АКШнын кетип жаткан администрациясынын отко май чачуу ниети айкын болуп турат. Бул жерде РФ президентинин, Россия тараптын позициясы так. Өлкө башчынын Санкт-Петербургда айткандарын жамааттык Батыш уккан", — деди Песков. Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өткөн маданий форумда НАТО мамлекеттери Киевдин батыш куралдарын пайдалануусун эле эмес, согушка түз аралашар-аралашпасын талкуулап жатканын билдирген.
2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 86,5 миң тонна бензин өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмүнөн 5,4 эсеге көп. Бул тууралуу КМШ мамлекеттер аралык статистикалык комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын сегиз айында Кыргыз Республикасында 91,5 миң тонна дизель майы өндүрүлгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,5 пайызга көп. Бул мезгилде Кыргызстанда да 137,7 миң тонна мазут өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,8 пайызга көп.
Украинадагы атышууну тез арада токтотуп, абалды жөнгө салуунун саясий чечимин табуу бардык тараптардын кызыкчылыгына жооп берет. Бул тууралуу Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь айрым Батыш мамлекеттеринин Киевге ыраакка атылуучу курал менен Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү боюнча чечимине комментрий берип жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Украин маселеси боюнча Кытайдын позициясы дайым так болуп келген. Бардык тараптардын кызыкчылыгы үчүн согушту токтотуп, саясий чечим табуу зарыл", — деди Линь Цзянь. Дипломат украин кризисинде "чыңалган абалды жөнгө салуу эң башкы приоритет болуп саналарын" белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0