00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кызыл-Омпол мүмкүнчүлүгү боюнча Кумтөрдөн кем калбастыгын айтышты Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын футболдук беттеши болотСадыр Жапаров "Менин үйүм" программасы боюнча жарлыкка кол койдуАлдыда кененирээк"Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка караганда, бул жарлык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКы менен "Элдик банк" тарабынан түзүлгөн "Топтомо ипотека" продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Берүү шарттары: кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынын 30 пайызы алты айга "Элдик банкка" депозитке салынат; турак жайдын наркынын 20 пайыздык суммасы 10 пайыз менен беш жылга банк аркылуу насыя берилет; калган 50 пайызы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жылдык 8 пайыз менен 15 жылга берилет; артыкчылыгы – күрөөнүн жоктугу.
Кызыл-Омпол кени мүмкүнчүлүгү жагынан Кумтөрдөн кем калбайт. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде айтты."Кызыл-Омпол — кендердин уникалдуу комплекси. Ал жакта жер кыртышында чачырап жаткан, негизинен кум жана шагыл катмарларындагы беш жана топтолгон, түптөгү дагы беш кен бар. Мүмкүнчүлүгү абдан кенен, ошондуктан комплекстүү көп минералдуу, көп металлдуу топтом дейбиз. Негизги минерал — титаномагнетит. Аны менен катар эле ванадий, цирконий, фосфор, уран менен торий бар", — деди Сатыбалдиев. "Кыргыз алтынга" быйыл июлда геологиялык чалгын жана казуу иштерин жүргүзүүгө лицензия берилген. Компания долбоорду жана техникалык-экономикалык негиздемелерди, чалгындоолор боюнча тиешелүү документтерди иштеп чыгат.Кызыл-Омполдун мүмкүнчүлүгү боюнча суроолорго жооп берип жатып, көбүрөөк чалгындалган Таш-Булак тилкеси экендигин жана кору 50-60 метр тереңдикте эле жатканын айтты.
Бишкекте күйөөсү аялын бычактап өлтүрүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин "Өтө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сот 34 жаштагы А.Р. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын сыртынан тандаган. Sputnik агенттигинин ишенимдүү маалымат булактары шектүү реанимациядан жалпы палатага которулганын билдирди. "Айыпталуучу конвойдун көзөмөлүндө. А.Р. аялын өлтүргөндөн кийин өзүнө да бычак сайган", — деди редакциянын маектеши. Эскерте кетсек, 27 жаштагы келиндин өлүмү тууралуу 15-ноябрда белгилүү болгон.
Эртең, 19-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дон баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт. Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0