https://sputnik.kg/20241115/bishkekte-kuyoosu-bachaktagan-kelin-kaza-tapty-1090196107.html
Бишкекте үй-бүлөлүк чырдын кесепетинен бычакталган келин көз жумду
Бишкекте үй-бүлөлүк чырдын кесепетинен бычакталган келин көз жумду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте жубайлар уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган, ал эми жабыркаган келин каза тапты. Бул... 15.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-15T11:33+0600
2024-11-15T11:33+0600
2024-11-15T11:33+0600
кыргызстан
бишкек
милиция
аял
өлтүрүү
күйөө
бычактоо
оорукана
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312155_487:237:3072:1691_1920x0_80_0_0_e6ea57d3c511e0f580d7eea361789a18.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте жубайлар уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган, ал эми жабыркаган келин каза тапты. Бул туурасында ШИИБден кабарлашты.Үй-бүлөлүк чыр түндө болуп, 27 жаштагы келин таңкы бештер чамасында бычакталганын милициядагы маалымат булактар билдиришти. Алдын ала берилген маалыматта аялга он жолу бычак урулуп, эсине келбеген тейде көз жумганы айтылат.Тартип сакчыларга саат 07:40тар чамасында ооруканадан кандуу окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин атайын топ кылмыш болгон Шералиев көчөсүндөгү үйгө барган.Өзүнө да кол салып, төшүнөн жаракат алган 34 жаштагы эркек учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде реанимация бөлүмүнө жаткырылып, сыртынан кайтарууга алынган.Маалымат булагы жубайлардын эки баласы бар экенин билдирди.Милициядан кандуу окуя боюнча иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
https://sputnik.kg/20240111/batken-kelin-olum-shektuu-1081863506.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312155_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7800c1112f6d4b45c9dc6201ddffb2b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, милиция, аял, өлтүрүү, күйөө, бычактоо, оорукана
кыргызстан, бишкек, милиция, аял, өлтүрүү, күйөө, бычактоо, оорукана
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте жубайлар уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган, ал эми жабыркаган келин каза тапты. Бул туурасында ШИИБден кабарлашты.
Үй-бүлөлүк чыр түндө болуп, 27 жаштагы келин таңкы бештер чамасында бычакталганын милициядагы маалымат булактар билдиришти. Алдын ала берилген маалыматта аялга он жолу бычак урулуп, эсине келбеген тейде көз жумганы айтылат.
Тартип сакчыларга саат 07:40тар чамасында ооруканадан кандуу окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин атайын топ кылмыш болгон Шералиев көчөсүндөгү үйгө барган.
Өзүнө да кол салып, төшүнөн жаракат алган 34 жаштагы эркек учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде реанимация бөлүмүнө жаткырылып, сыртынан кайтарууга алынган.
Маалымат булагы жубайлардын эки баласы бар экенин билдирди.
Милициядан кандуу окуя боюнча иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.