00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стоп-кадр
«Алданганмын» фильми кыргыз ырчыларынын көшөгө арт ындагы жашосун канчалык көрсөтүп бере алды?
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
18:08
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

17 жашында майданга аттанган. Ардагер Тапа Керимкулов 98 жашында дүйнө салды

© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимкулов
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2024
Жазылуу
Ардагер жоокерге 21 медаль, анын ичинде Берлинди алганы үчүн сыйлык ыйгарылган. Ал Жеңиш күнүн эки ирет Москва шаарында тоскон. Акыркы үч жылдан бери Москвага чакыруу келсе да ден соолугуна байланыштуу бара албай калган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Элине эмгегин арнаган инсан, Улуу Ата Мекендик согуштун жана энергетика тармагынын ардагери Тапа Керимкулов 98 жаш курагында дүйнө салды.
Окурмандарга өмүрү өрнөк болгон аксакал тууралуу учкай баяндып бермекчибиз.
Тапа Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 17 жаш курагында, тагыраагы, 9-класста окуп жаткан учурда, 1941-жылы сентябрда Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Улан майдандан Нарынга 23 жашында кайтып келген.
© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковВетеран Великой Отечественной войны Тапа Керимкулов
Ветеран Великой Отечественной войны Тапа Керимкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2024
Ардагер алгач Алматыга барып эки ай аскердик даярдыкта болуп, андан соң согушка жөнөтүлгөн. Одер дарыясынын жээгиндеги согушта болуп, Смоленск менен Варшаваны бошотууга катышып, Берлинге чейин барган.
Керимкуловго 21 медаль, анын ичинде Берлинди алганы үчүн сыйлык ыйгарылган.
Согушка катышкан ар бир аскер мекенибизди немецтик баскынчылардан коргоп гана тим болбостон, эл чарбасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү салым кошкон. Биз сөз кылып жаткан ардагер да дал ошол доордун өкүлү.
Тапа Керимкулов өз мекенине кайтып келгенден кийин 12 жыл милиция тармагында кызмат өтөгөн. Андан кийин 25 жыл бою энергетика тармагында иштеп, алгач электромонтёр, андан соң электромеханик болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Мыкты кызматкер болуп, Ат-Башы райондук электр тармактарынын Ардак китебине кирген жана бул тармактын Ардак ордени тапшырылган.
Андан сырткары, Кара-Суу айылынын ардактуу аксакалы, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун жана Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу наамдары ыйгарылган.
Согуш ардагери Жеңиш күнүн эки ирет Москва шаарында тоскон. Акыркы үч жылдан бери Москвага чакыруу келип, бирок ден соолугуна байланыштуу бара албай калган.
Тапа ата 98 жашында да китебин колунан түшүрбөй окуп, кийинки муундарга акыл-насаатын айтып келген.
Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2024
Ош шаарында согуштун жалгыз ардагери 99 жашында дүйнө салды. Некролог
Жаңылыктар түрмөгү
0