00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Красный капитализм: как устроена политическая система современного Китая
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте кыргызстандыктардын айлыгынын өсүү динамикасы боюнча маалымат берди. Бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамдардын долбоору каралган отчетун укту. Ага ылайык, үч жылдын ичинде республикада орточо айлык 15 542 сомго жогорулаган: 2021-жылы — 20 249 сом 2022-жылы — 26 620 сом 2023-жылы — 31 674 сом 2024-жылга божомол боюнча — 35 791 сомго жетет.
Жумгалда Көкөмерен суусунун жээгинен эркек кишинин сөөгү табылып, ал бир айдан бери изделип жаткан киши экенин ИИМден билдиришти. Маалыматта 45 жаштагы жарандын сөөгүн табууга кинологдор тартылып, кызматтык иттер жардам бергени жазылган."Маркумдун тогуз жаштагы уулун издөө иштери улантылат. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бардык аракеттер көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин ӨКМ ата-баланы активдүү издөө токтотулганын, бир жумада эки ирет жүргүзүлөрүн кабарлаган.
Кыргызстандыктардын дары-дармекке болгон жылдык муктаждыгы 18-19 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асыкулов билдир. Анын айтымында, дээрлик бардык дары-дармек импорттолот. Калктын дары-дармекке болгон муктаждыгынын 96 пайызы Орусия, Индия, Германия, Кытай, Өзбекстан жана Түркиядан келген импорттун эсебинен камсыздалат. 2023-жылы өлкөдө 664,35 миллион сомдук дары-дармек жана медициналык буюмдар өндүрүлгөн. 2024-жылдын сегиз айында 450,9 млн сомго өндүрүлгөн.
Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата "Келечек багыты – Жаштардын өнүгүү платформасы" аталышындагы жаштар форуму болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана Эл аралык студенттер күнүнө карата жаштар саясатына колдоо көрсөтүп, салым кошкон айрым жарандар, активдүү жаштар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп АКШнын Улуттук чалгын кызматын жетектөөгө Тулси Габбарддын талапкерлигин сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Чоң кубаныч менен Улуттук чалгын кызматынын директору болуп мурунку конгрессчи, подполковник Тулси Габбард дайындаларын жар салам", — деген Трамп. Габбард Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө 11-сентябрдагы терактыдан кийин кирип, согуш жүргөн аймактарда да болгон. 2022-жылы Демократиялык партиядан чыгып, эркин саясатчы катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0