00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди. “Үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. Ага 3,1 млрд сом бөлүндү. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2021-жылы – 111 миңди түзсө, 2024-жылдын 1-октябрына карата – 76,4 миң үй-бүлөнү түзүп, 34,6 миң үй-бүлөгө төмөндөдү",- деди ал. Минкаб төрагасы ошондой эле, мамлекет тарабынан бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдар жеке ассистенттин кызматы менен камсыз болгонун, ал ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 23%га жогорулаганын билдирди.
Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкекте баасы 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Айкөл" конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 62 сотых жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн, тагыраагы, 1-7-январда эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул боюнча токтом долбоорун даярдаган. Ага ылайык, 2-январдын ордуна 11-январь иш күнү болсо, 3-январдын ордуна 24-февраль иш күнү болот. Ошондой эле6-январдын ордуна 10-март иш күнү болот.
Бүгүн 14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча курама командалары беттешет. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтөт. Ал эми 19-ноябрда Акшумкарлар өз оюн талаасында Ирандын курама командасы менен ойнойт.
13-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолугушту. Жолугушууда АКШнын азыркы президенти Жо Байден Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, бийликти мыйзам чегинде, тынч жол менен өткөрүп берүү ниетин билдирди. Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Байденге утулганда бийликти расмий өткөрүп берген эмес. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен ашык добушун алып, атаандашын уткан. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0