00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого бир миллиард алты жүз миң сом кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин бугун, 14- ноябрдагы жыйынында бюджеттин аткарылышы каралып жатканда айтты. «Бишкек жылуулук борборунун оңдоо иштерине бир млрд алты жүз миң сом жумшалды, НЭСКке электр энергияны импорттоо үчүн төрт жарым миллиард сом бюджеттик кредит берилди. Врачтардын айлыгын көтөрүүгө 1, 8 миллиард сом, мугалимдерге ноутбук алууга 678 миллион сом, селдин кесепеттерин жоюуга кошумча 605 миллон сом берилип жатат», — деди ал. Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган, алардын дарылануусу азыр да уланууда.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар төлөп үй камагына чыкты. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев парламентте депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат "Райым Матраимов эмнеге түрмөдөн чыкты, бюджетке акча төлөдүбү" деген суроо узаткан. "Матраимов кармалганда үч кылмыш ишин козгогонбуз: "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "Бейбаштык", "Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу". Сегиз ай тергедик, эки күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар төлөп, анан чыкты. Буга чейин 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 миллиард сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү", — деди УКМК төрагасы. Ташиев мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүлүп, бааланып, арзан кылып алынганын кошумчалады.
Экс-депутат, "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина кармалгандыгын Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Андан сырткары, партиянын дагы бир мүчөсү кармалган. Милиция алар добуш сатып алып, ар бирин 1000 сомдон баалашкан деп айтууда. Тинтүү учурунда 40 агитаторго добуш сатып алуу үчүн бериле турган акчалардын ведомостун тытып салууга аракет кылган дешти. Кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң шаардык милициянын тергөө тобу "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козгогон.
Украина аймактарынан кол жууй турган болуп турат, ага жол бербеш үчүн Киевди курал-жарак менен камсыздоону улантуу керек. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдиргенин РИА Новости жазды. "Территорияларынан ажырап калбашы үчүн Украинаны курал-жарак менен камсыздашыбыз керек. Киев фронтун турукташтырып, кийин россиялыктарга алдырып жиберген аймактарын кайра кайтарып алгыдай болушу кажет", — деген Рютте Польшага болгон сапарында. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова баш катчынын сөзүнө комментарий берип жатып, Рютте тынчтыкка эмес, "кандуу согушту" улантууга үндөп келерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0