00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:57
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:15
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан парник газдарын кыскартат. Садыр Жапаровдун Бакудагы кеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясында сүйлөдү
Садыр Жапаров Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясында сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров климат тездик менен өзгөрүп жаткан шартта каржылоо маселесин талкуулап, бир пикирге келүү зарылдыгын белгиледи.
“Өнүккөн өлкөлөрдү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге бере турчу жардамды эки триллион долларга чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырабыз. Кыргызстан климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин демилгеледи”, — деди Жапаров.
Ал карыздарды жашыл долбоорго которууну чечкен Түркия менен Германияга ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстан парник газдарын 2030-жылга чейин 16 пайызга, ал эми эл аралык колдоо болсо 44 пайызга кыскартууну пландап жатат. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, газдаштыруу аркылуу көмүр керектөөсүн кыскартуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдөгү жоготууларды азайтуу, шаарларда жылуулук менен камсыздоо системаларын жакшыртуу, энергетикадагы көйгөйлөрдү азайтуу жана элдин маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатабыз”, — деди президент.
Өлкө башчы соңку 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткенин белгиледи. Ал ошондой эле катышуучуларды 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган Бишкек+25 экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
COP29 конференциясы белгиси Баку шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2024
COP29 конференциясы: таза энергетикага быйылкы инвестиция 2 трлн. долларды түзөт
Жаңылыктар түрмөгү
0