00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:07
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:09
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бүгүн, 11-ноябрда Бакуда Бириккен улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясы башталды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан кабарлады. Анын алкагында Кыргызстан алгачкы ирет улуттук павильонун көрсөттү. "Биз салттуу боз үйүбүздү алып келдик. Анда иш-чараларды, ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөбүз. Биз COP29да тоолорду туруктуу өнүктүрүү долбоорун сунуштайбыз", — деди Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техкөзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова. 11-ноябрдан 22-ноябрга чейин Баку стадионунда өтө турган COP29 Азербайжандын масштабдуу иш-чарасы болмокчу. Сессиянын алкагында 12-13-ноябрь күндөрү климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммити өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышат.
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылы таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты. Ага ылайык, учурда жумушчу долбоор иштелип чыгып, керектүү документтер Аламүдүн районунун архитектура башкармалыгына берилди. Долбоорго ылайык, Таш-Дөбө айылында 2 скважина курулуп, ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, жарандар таза суу менен толук камсыз болот. Каржылоо республикалык бюджеттен каралганы кошумчаланды.
"Бишкек жылуулук тармагы" өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук колдонмону ишке киргизди. Муниципалитеттен билдиришкендей, эми абоненттер колдонмону Play Market жана App Store аркылуу бекер жүктөп алып, анын жардамы менен электрондук төлөм үчүн эсеп-дүмүрчөк ала алышат. Ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүп, прибордун көрсөтмөлөрүн берип, таржымалын текшерип, маанилүү жаңылыктар жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтарды алууга болот. Бул долбоордун негизги максаттарынын бири – санариптештирүү жана кагаз дүмүрчөктөрдү колдонууну азайтуу экени айтылды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдин Ливандагы пейджерлерди массалык жардырууга катыштыгы бар экенин алгачкы ирет моюндады. Бул тууралуу анын маалымат катчысы билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчы сентябрда Ливандын "Хезболла" кыймылына каршы чабуул жасоо операциясына өзү уруксат бергенин билдирген. Ливандын ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш жабдуулары, анын ичинде пейджерлер жана рациялар жарылган. Расмий маалыматтар боюнча, 37 адам каза таап, үч миңден ашууну жарадар болгон. "Хезболла" жетекчилиги менен Ливан бийлиги окуяга Израилди айыпташкан. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ливандагы окуяны коркунучтуу террордук акт жана чоң жаңжалды тутантуу аракети катары баалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0