https://sputnik.kg/20241111/1090115368.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн АКШ долларын бөлүүнү карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Эр-Рияд шаарына... 11.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-11T17:00+0600
2024-11-11T17:00+0600
2024-11-11T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0b/1090115236_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b7596f6fcdb4979b15b4e0aa70e74cfe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн АКШ долларын бөлүүнү карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушканда айтылды. Ошондой эле мындан аркы кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-октябрь айларында 47миң 576 жаранга пенсия чектеди. Фонддон белгилешкендей, анын ичинен октябрь айында 2 миң 183 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 637 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ билдирди. Маалыматта Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну беш жашар бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп кеткенин кабарлаганы айтылат. "Издөө иштерин жүргүзүп жаткан ИИМ кызматкерлерине төрт куткаруучу жардам берди. Кеч киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган", — деп айтылат билдирүүдө. Издөө боюнча кошумча маалымат берилери кошумчаланды.
Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган адамдар кармалган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады. Кабарлангандай, укук оргоо органдары узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан. "Алар коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факты боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин тиешелуу беренеси боюнча иш козголгон" - деп айтылат маалыматта. Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Washington Post гезитинин Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү деп жазган маалыматы жалган. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Мунун баары жалган. Путин менен Трамптын байланышуусу боюнча азырынча пландар жок", — деди Песков. Буга чейин Washington Post гезити маалымат булактарына таянып, АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп бейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган.
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн АКШ долларын бөлүүнү карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушканда айтылды. Ошондой эле мындан аркы кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-октябрь айларында 47миң 576 жаранга пенсия чектеди. Фонддон белгилешкендей, анын ичинен октябрь айында 2 миң 183 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 637 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ билдирди. Маалыматта Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну беш жашар бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп кеткенин кабарлаганы айтылат. "Издөө иштерин жүргүзүп жаткан ИИМ кызматкерлерине төрт куткаруучу жардам берди. Кеч киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган", — деп айтылат билдирүүдө. Издөө боюнча кошумча маалымат берилери кошумчаланды.Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган адамдар кармалган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады. Кабарлангандай, укук оргоо органдары узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан. "Алар коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факты боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин тиешелуу беренеси боюнча иш козголгон" - деп айтылат маалыматта. Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.Washington Post гезитинин Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү деп жазган маалыматы жалган. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Мунун баары жалган. Путин менен Трамптын байланышуусу боюнча азырынча пландар жок", — деди Песков. Буга чейин Washington Post гезити маалымат булактарына таянып, АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп бейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0b/1090115236_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f185ccbdfde9a3d5da901bdbb210d26c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио