00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Нужны ли новые союзы в Евразии — беседа об интеграции
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Атмосфералык абанын сапаты жакшырдыбы — минкабдын жаңы токтому чыкты
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Девятый визит «Миссии ДОБРО»: легендарный ветеринар Карен Даллакян оперирует диких птиц в Бишкеке
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыз-келиндер жана спорт: машыгуу эркектердикинен айырмаланышы керекпи?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Псы» — бир адам кайдыгер коомду ойготот, жолбун иттердин тагдыры кандай болот?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Меняющие мир
Прошлое, которое работает на будущее: разговор с историком и археологом
20:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Атмосфералык абанын сапаты жакшырдыбы — минкабдын жаңы токтому чыкты
21:09
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн 54 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө иштерине ӨКМден 15 куткаруучу жана Ички иштер министлигинен 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам, жалпы 54 адам тартылды. Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда. Кошумча маалымат берилет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышынын жүрүшү менен таанышты. Кочкор айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөр менен таанышты. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ишке ашырып жаткан долбоор облустун тургундарына арзан баада турак жай сатып алууга мүмкүндүк берет. Курулуш аянты 23846,8 чарчы метрди түзүп, 200 батирдин курулушу пландаштырылган. Объектке электр жарыгы жана суу түтүктөрү кошулган, жакынкы аралыкта блокторду бетондоо иштери башталат.
Бүгүн, 9-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 219 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 364 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 445 куб метрди түзүүдө.
Бишкекте автоунаа айдап бараткан 21 жаштагы улан жолдон өтүп бараткан 60 жаштагы кишини сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.Кырсык кечээ саат 20:20лар чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда Honda Stepwgn машинасынын рулунда бараткан 21 жаштагы жаран жөө адамдар өтчү жерден басып бараткан кишини коюп кеткен. 60 жаштагы киши алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.Автоунаа айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Россотрудничествонун кошумча билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Россиянын Оштогу билим жана маданият борборунан билдиришти.Маалыматка ылайык, борбор №70 кесиптик лицейдин базасында Россиянын "Чет өлкөлөрдө орус тилин колдоо жана жайылтуу" мамлекеттик программасынын алкагында Россотрудничествонун колдоосу менен ачылган.Борбордо орус тилин окуу жана жалпы билим берүү предметтерин үйрөнүү боюнча программалар, ошондой эле Россиянын өнөктөш уюмдарын тартуу менен мугалимдерди колдоо иш-чаралары ишке ашырылат. Ал заманбап технология, россиялык өндүрүүчүлөрдүн эмеректери менен жабдылган. Китепкана фондунда 700гө жакын окуу-усулдук, маалымдама жана көркөм адабияттар бар.Ачылыш аземге шаардын мэри Асылбек Маткалыков, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Россиянын Оштогу Билим жана маданият борборунун башчысы Дмитрий Аврам, мугалимдер жана студенттер, шаар тургундары катышты.
9-12-ноябрь күндөрү Талас шаарындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында Ата мекендик согуштун арадагери, даңк орденинин ээси Молдон Мураталиевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеши өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Талас облустук бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0