00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что делать, если вас обманули в магазине или при покупке онлайн
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Центр ШОС в Кыргызстане: зачем региону общая борьба с преступностью
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кен иштетүү жана экология: талаптарды сактоо жана жоопкерчилик
11:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы, Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо сөзүндө айтты. Ал журналисттик кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгилеген. "Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда коомдогу окуяларды калыс чагылдырууга дилгирлигиңиздерди, умтулууңуздарды жогору баалайбыз. Эгемендик жылдарында сиздердин кесиптик майрамыңыздар белгиленген 7-ноябрь дал ушул туңгуч гезитибиздин жарык көргөн күнүнө байланыштуу Маалымат жана басма сөз күнү деп жарыяланганын жакшы билесиздер", — деген президент. Сөзүнүн соңунда президент ЖМК өкүлдөрүнө жаңылыктарды даярдоододогу мээнеттери кайтып, жалпы окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын сый-урматына ээ болушун каалаган.
2026-жылы жаңы Өкмөт үйү курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, учурдагы мамлекеттик органдардын эски имараттары сатыкка коюлат. Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген. Документке ылайык, мамлекеттик маанидеги объектилерди жана турак жай куруу үчүн минкаб менен инвестор түз келишим түзө алат. Бул үчүн инвестор долбоорго 20 миллион доллардан кем эмес акча салышы керек. Ал эми мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги тарыхый-маданий мурас категориясындагы имараттар инвестордун башка имаратына алмаштырылышы мүмкүн.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде Астанага келди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, ал Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушууда эки тараптуу күн тартиби, эл аралык маселелер, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы кызматташуу боюнча дагы кеп козголору күтүлүүдө. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги басым РФ президенти Владимир Путиндин Казакстанга пландалган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө жасалат. Июлда Путин казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдин ноябрда Казакстанга чакыруусун кабыл алган. Визит Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйыны менен айкалыштырылары мерчемделүүдө.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп учурдагы мамлекет башчысы Жо Байден менен жолугушууну күтүп жатат. Бул тууралуу Республикалык партиянын штабына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жолугушууда бийликти өткөрүп берүү маселеси талкууланат. Ошондой эле ал Ак үйдөгү жолугушуу жакынкы аралыкта болорун кошумчалаган. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0