00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Всегда актуальные ценности или почему важно перечитывать произведения Ч. Айтматова?
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылат — кандай артыкчылык болот?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Максимальный репост
ОСАГО и страхование имущества: что нужно знать каждому кыргызстанцу?
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин XXIV шаардык фестивалы таланттуу балдарга стимул береби?
11:04
29 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Менин шаарым” мобилдик тиркемесин шаардыктар активдүү колдонууда — жаңы жылда жаңы кызмат ишке киреби?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Безбилетный проезд в Бишкеке: штрафы и рейды от мэрии
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, аны маалымат кызматы жарыялады.Өлкө башчысы бул тамырыбыз, тарыхыбыз кайдан келерин, кыргыз кандай эл болгонун, ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою кандай жолдорду басып өткөнүн эске салган күн экендигин белгилеген. Жапаров буга байланыштуу быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, анын алкагында өлкө боюнча социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканалар ачылып жатканын эске салды.Мындан сырткары, "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы карызы өлкө үчүн эч кандай коркунуч жаратпай турганын жана анын суммасы бир топ эле аз деп саналарын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти берген суроого жооп берип жатып айтты.Жапаров тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 50 пайызынан ашпай турганын белгиледи.Минкаб төрагасынын айтымында, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Түркияны Кыргызстандын карызын кечиши боюнча келишим түзүлгөн."62 миллион долларды кечүү планы бар эле, бирок Финансы министрлиги 4 миллион долларды график боюнча төлөптүр. Ошондуктан 58 миллион доллар кечилди. Бул өлкөнүн тышкы карызы план боюнча төлөнүп жатканын жана андан мамлекетке оорчулук келбей турганын билдирет", — деп түшүндүрдү Жапаров.
"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" аталышындагы программа ишке кирди. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.Долбоордун негизги максаты — Евразия мейкиндигиндеги жаштарды салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү. Ал баалуулуктар маданиятты, тарыхты, үрп-адатты, каада-салтты, жоопкерчиликти, эмгекчилдикти, улуттук иденттүүлүктү жана патриоттуулукту камтыйт.Төрт күндүк "Евразия менен тааныш" программасынын алкагында жаштар Мамлекеттик тарых музейи, Ала-Арча улуттук паркы жана башка ушул сыяктуу борбор калаанын кызыктуу жерлерине барышат.
АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис шайлоодогу атаандашы Дональд Трампты жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Associated Press басылмасына шилтеме кылып РИА Новости кабарлады.Харрис телефон аркылуу сүйлөшүүдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн талкуулаганы айтылды.АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан.Анда кырчылдашкан кармаш күтүлгөнү менен Дональд Трамп Вашингтон убактысы боюнча түнкү саат экилерде эле шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Жыйынтыкты болжолдогон бир катар маалымат булактары ал бардык негизги штаттарда жеңип чыкканын жазышты. Андан соң Трамп Флоридада тарапташтары алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялады.
Жаңылыктар түрмөгү
0