00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Түрк мамлекеттер уюмунун күчү — мүчө мамлекеттердин сырткы саясатта бирдиктүү көз карашты карманып келе жатканында. Мындай пикирин Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, аталган уюм 22 жылдан берүү стабилдүүлүктү кармап келе жатат. "Советтер Союзунун урашы дүйнөлүк геосаясатта чоң окуя болгон. Кыргызстан эгемендүүлүгүн жаңы алган кезде 1992-жылы ошол кездеги Түркиянын президенти түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлерин өз өлкөсүнө чакырып, мындан аркы алакалар жөнүндө пикир алышышкан. Түрк мамлекеттеринин уюму мына ошондо түптөлгөн. Ошондон бери стабилдүүлүгүн жоготпой, сырткы саясий иштерде бир көз карашты карманып келе жатат", — деди Мамытов. Ал байкоочулук макамындагы мамлекеттердин көбөйүп жатканын уюмга дүйнө мамлекеттеринин кызыкчылыгы артып жатканы деп түшүндүрдү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу министрлер кабинетинин Ардак грамотасын алды. Кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана Кыргыз журналистикасынын жаралышынын 100 жылдыгына, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдоого байланыштуу берилип жаткан сыйлыкты мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тапшырды. Ал аталган ЖМКнын кызматкерлеринин мыкты кесиптик чеберчилигин белгилеп, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө дагы салым кошуп жатканын айтты. Ошондой эле ал кабар жеткирүүчүлөр байыртадан эл арасында элчинин макамында жүргөнүн белгиледи. Касмамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишмердүүлүгүнө да токтолду. "Сиздердин агенттик өз жолун, ортолугун тапкан. Маңыздуу, маанилүү маалыматтарды элге жеткирип, аны дагы мыкты өздөштүргөнсүңөр. Кудай колдосун, колуңар береке тапсын", — деди Касмамбетов.
Футбол боюнча ноябрда боло турган оюндарга чыкчу улуттук курама команданын кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Белгилей кетсек, "ак шумкарлар" 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында 14-ноябрда БАЭ (конокто) жана 19-ноябрда Иран менен беттешет. Аларга даярдык көрүү максатында курама команда 6-ноябрдан тартып Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Команда 12-ноябрда Абу-Дабиге бет алат.
Президенттик шайлоодо жеңишин жар салып жаткан Дональд Трампты АКШнын системасы Украинаны каржылоого мажбур кылышы ыктымал. Мындай пикири менен РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бөлүшкөнүн РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, жарышта республикачылардан талапкер болуп чыккан Дональд Трамп алдыда баратат. Медведевдин айтымында, Трамп өжөр болгону менен система баары бир күчтүүлүк кылат. "Азыр кеп Трамп согушка канча каражат бөлүүгө аргасыз болору жөнүндө жүрүп жатат. Айтканын бербеген өжөр адам, бирок система баары бир күчтүү. Кандай болгон күндө да Киев жетекчилиги үчүн кыйын болду", — деди Медведев. Белги
Жаңылыктар түрмөгү
0