00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевге II даражадагы "Достук" ордени ыйгарылды. Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, сыйлыкты Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинен соң төрага Нурланбек Шакиев Ерлан Кошанов баштаган Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттарына Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жыйындар залы менен тааныштырды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, президент менен спикер элдин оюндагысын ачыкка чыгарган. "Биз ыр жандуу калкпыз. Жанга жагымдуу ырларды жакшы көрөбүз, ал тургай сүйүүбүздү ыр менен билдиребиз, бирок гимнди ырдай албайбыз. Үч жыл мурда гимнди өзгөртсө болобу деп композиторлорго кайрылгам. Көптөгөн ЖМК өкүлдөрү маселени туура эмес түшүнүп, өлкө жетекчилиги бардыгын жаңылап, өзгөрткүсү келет деп ойлошууда. Андай эмес. Муну кыргызстандыктар көптөн бери сезип, айта албай келгенбиз. Мекенибизди даңктап, ага сүйүүбүздү билдирип ырдагыбыз келет. Бирок коошпой жатат", — деп жазган Байсалов. Ал композитор жана музыканттарга кайрылып, гимнди иштеп чыгууга катышууну өтүнгөн.
Бишкектеги Орто-Сай базарынын аймагында балдар эмгегин пайдалануу учурларын аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 5 өспүрүм аныкталып, алар ата-энелерине соода кылууга жардам беришкенин айткан. Белгилей кетсек, ички иштер органдары иштеп жаткан өспүрүмдөр табылганда маалыматты дароо эки инстанцияга: Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына, жумуш берүүчүлөрдү же ата-энелерди административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, ошондой эле социалдык органдарга бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн маалымат жөнөтүлөт. Мындан тышкары балдарды туура эмес тарбиялагандыгы үчүн ата-энелик укуктардан ажыратуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.
Дүйнөдө эл аралык коопсуздукту кепилдей турган мыйзамдуу инструмент дээрлик калган жок, бул жаатта жаңы макулдашууларды түзүү боюнча да иштер жүрбөй калды. Мындай билдирүүсүн Беларусь президенти Александр Лукашенко Минскиде евразиялык коопсуздук боюнча өтүп жаткан II эл аралык конференцияда жасаганын РИА Новости жазды. "Бүгүнкү күндө аскерий коопсуздук багытында кепилдик бере турган мыйзамдуу эл аралык-укуктук инструменттер дээрлик калбай калганына күбө болуп турабыз. Аталган тармакта жаңы макулдашууларды түзүү боюнча иштер да жүрбөй калды. Демек, анын кимдир бирөөлөргө кереги жок. Бул аскер адамдарынын эмес, биринчи кезекте саясатчылардын абийиринде", — деди өлкө жетекчиси. Лукашенко жалпысынан алганда бул чөйрөдө Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишим жана Стратегиялык чабуул коюучу курал жөнүндөгү келишим эле калганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0