00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев россиялык кесиптеши Игорь Краснов жана Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөр Асаналиевдин Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.Краснов менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана укуктук тармакта тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Ошондой эле КМШнын башкы прокурорлорунун Координациялык кеңеши жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйындары сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда боло турган иш-чара талкууланды, анда россиялык прокурорлор ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Жолугушуунун жыйынтыгында аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Элмурза Сатыбалдиев "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигинен кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Анын айтымында, Сатыбалдиев мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алган. "Мекенчил" депутаттык тобунун лидеринен кат келди. Элмурза Сатыбалдиев топтун лидерлигинен ден соолугуна байланыштуу кетүүнү чечти. Анын эмгеги үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул кызматта эки жыл үзүрлүү эмгектенди", — деди Шакиев. Сатыбалдиевдин ордуна кечээ, 30-октябрда, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан аталган топко өткөнүн жар салган Кундузбек Сулайманов шайланды. Эске салсак, бир мандаттуу округдан шайланып парламентке келери менен 18 депутат "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган.
Бишкек мэриясы №23 мектеп жабыла турганын билдирди. Маалыматка ылайык, имарат авариялык абалга келген. "Учурда сейсмикалык институттун корутундусуна байланыштуу тиешелүү адистер мектептин айрым блокторун изилдеп жатат. Эгерде бузуу чечими кабыл алынса, ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат", — деп айтылат маалыматта. Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин балдарды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөрү кошумчаланды. Эске салсак, Бишкекте күзгү каникул 4-ноябрда башталып, бир жумага созулат.
Кара-Жантак айылынын жашоочуларына кыргыз паспортту берилди. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган айыл чек ара тактоо иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Фергана облусунун курамынан Баткен облусунун Кадамжай шаарына кошулган.Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, айылдын 246 жашоочусуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырган. Бүгүн Кара-Жантак айылын Кыргызстан менен байланыштырган жолдун да ачылышы болду. Узундугу 2,3 чакырым болгон жол 28 миллион сомго курулган. Ал аталган айылды Кадамжай шаары менен байланыштырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0