00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал тынч, профилактикалык иштер гана жасалууда
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жыл аягына чейин Бишкекте 2500 үй-бүлө турак жай менен камсыз болорун билдирди Ал Мамлекеттик ипотекалык компания салган үйлөр ноябрда тапшырыларын белгиледи. "Бишкекте 9 895 үй-бүлөгө батир курулуп жатат. Ынтымак конушунда 8100 батирдин курулушу башталды. 2-3 жыл аралыгында Бишкекте кезекке турган жарандардын бардыгы батир менен камсыз болот", — деди Туманбаев соцтармактагы түз эфирде суроолорго жооп берип жатып.Каныбек Туманбаев каражаттын 50 пайызын төлөгөндөргө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнөн турак жайлар 15 жылдык мөөнөткө, 8 пайыз үстөк менен берилерин кошумчалады.
Республкалык наркология борборуна 9 айда психоактивдүү заттарды колдонгон 224 өспүрүм кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде белгилегендей, 2019-жылы 72 психоактивдүү заттарды колдонгон өспүрүм катталса, бул көрсөткүч 2020-жылы 65ке, 2021-жылы 261ге, 2022-жылы 286га, 2023-жылы 382ге жеткен. "Атайын заттарды колдонуудан улам психикалык жүрүм-туруму бузулгандардын саны ушундай. Реалдуу саны мындан кыйла көп болушу ыктымал. Ички чектөөсүн жеңип, эрки жеткендери гана Наркология борборуна кайрылышат. Бизде балдардын, өспүрүмдөрдүн дарыгер-психологдору иштеген амбулатордук бөлүм бар. Жардам акысыз, жашыруун көрүнүүгө шарттар бар. Баңгилик көз карандылык — бул чөйрөнүн таасири, генетика, психологиялык травма жана башкалар аралашкан глобалдуу компонент экенин түшүнүү зарыл", — деди Сагымбаева.
Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Мектептин долбооруна ылайык, негизги класстык кабинеттерден тышкары: актовый зал, компьютердик класс, лаборатория, китепкана жана сырткы волейбол, баскетбол аянтчалары каралган. Курулуш-монтаждоо жумуштары “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу регионду толук кандуу согушка кептейт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Газада бир жыл мурун башталган согуштук аракеттер азыр Ливанга жайылды, региондун башка мамлекеттеринен да кыйгап өткөн жок, Израиль менен Ирандын каршылашуусу күчөп кетти. Мунун баары Жакынкы Чыгышты толук кандуу согушка кептеп жатат", — деди Путин. БРИКС саммити Казанда өтүп жатат. 22-октябрда башталган жыйын бүгүн жыйынтыкталат. БРИКС+ же аутрич форматы уюмга мүчө жана андан тышкаркы мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн түшүндүрөт. Учурда ага 36 мамлекеттин башчылары катышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0