00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
08:12
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жарым кылым тарыхы бар Авиациялык институт — эл аралык кызматташтыгы, окуу сапаты
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Профессии будущего: что предлагает кыргызстанцам университет связи в Петербурге
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
90 жылдык тарыхы бар театр. Орус драма театры Улуу Жеңишке карата Айтматовдун чыгармасын даярдоодо
11:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
РКӨФ быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылайт — фонд канча ГЭС курат?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
История на стендах: в Бишкеке открылась выставка о писателях войны
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бакыт же байлык. Кыздар эмне үчүн бай адамга турмушка чыгууну каалайт?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал. Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге да токтолгон. Кыргызстан Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган. Министрлик 23-октябрда Анкара шаарында болгон террордук актыга байланыштуу билдирүү тараткан. "Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык TUSAŞ компаниясында болгон терактыны кескин айыптайт. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө Түркияны колдой турганы кошумчаланган. Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, ал азыркы Батыш автобекетинен айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетке чейин каттайт. Жол кире карта менен 17 сом.Эске салсак, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети жана "Ак жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, аны көчүрүү иштери жүрүп жатат. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы кырдаалдын курчушуна түйшөлгөнүн билдирип, ЦАХАЛдын баскынчылык чабуулдарын айыптап, Израилди агрессияны токтотууга чакырды. Бул туурасында БРИКС мамлекеттеринин Казань декларациясында айтылган. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкесинде ар тараптуу жана ок атышпоонун туруктуу режимин киргизүү зарыл экенин баса белгилешти. Ошондой эле барымтага алынгандардын бардыгын жана эки тараптан мыйзамсыз туткундалып жаткан адамдарды алдын ала шарт койбостон дароо бошотууну талап кылышты. Газа тилкесине гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, туруктуу жана кеңири масштабда жеткирилиши керектигин белгилешип, бардык агрессивдүү аракеттерди токтотууга чакырышты. Алар эл аралык нормаларды кармануу зарылдыгын айтышып, Газа тилкесиндеги чатактын ырбашынын, улам чыңалып бараткан кырдаалдын, экстремизмдин кесепети аймакка, дүйнөгө тиерин белгилешти.
Жазылуу
2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал. Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге да токтолгон.
Кыргызстан Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган. Министрлик 23-октябрда Анкара шаарында болгон террордук актыга байланыштуу билдирүү тараткан. "Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык TUSAŞ компаниясында болгон терактыны кескин айыптайт. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө Түркияны колдой турганы кошумчаланган.
Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, ал азыркы Батыш автобекетинен айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетке чейин каттайт. Жол кире карта менен 17 сом.Эске салсак, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети жана "Ак жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, аны көчүрүү иштери жүрүп жатат.
БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы кырдаалдын курчушуна түйшөлгөнүн билдирип, ЦАХАЛдын баскынчылык чабуулдарын айыптап, Израилди агрессияны токтотууга чакырды. Бул туурасында БРИКС мамлекеттеринин Казань декларациясында айтылган. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкесинде ар тараптуу жана ок атышпоонун туруктуу режимин киргизүү зарыл экенин баса белгилешти. Ошондой эле барымтага алынгандардын бардыгын жана эки тараптан мыйзамсыз туткундалып жаткан адамдарды алдын ала шарт койбостон дароо бошотууну талап кылышты. Газа тилкесине гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, туруктуу жана кеңири масштабда жеткирилиши керектигин белгилешип, бардык агрессивдүү аракеттерди токтотууга чакырышты. Алар эл аралык нормаларды кармануу зарылдыгын айтышып, Газа тилкесиндеги чатактын ырбашынын, улам чыңалып бараткан кырдаалдын, экстремизмдин кесепети аймакка, дүйнөгө тиерин белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0