00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
08:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
18,5 млн. сом сарпталат — №13 шайлоо окруry боюнча кайра шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
10:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зомбулукка каршы күрөш: 5200 ишеним телефону жана жабырлануучуларды коргоонун жаңы механизмдери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как страховые компании делят риски и зачем это обычным людям
12:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Туризмде тейлөө канчалык маанилүү?
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз филармониясына 90 жыл!
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему в магазинах снова просят платить наличными? Ответ ГНС
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Россиянын элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты. Парламенттер аралык байланыштардын маанилүү маселелери жана Россия менен Кыргызстандын алакасын жакшыртуу талкууланганы белгиленди. "Биргелешкен экономикалык долбоорлорго, жалпы тарыхты сактоо жана Кыргызстанда орус тилин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Россия тараптан кабыл алынып жаткан мыйзамсыз миграцияга каршы чараларга жана ЕАЭБде эмгектенгендердин укугун коргоо маселелерине басым жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Светлана (Асланайым) Аширова дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кабарга ылайык, жаңы директорду жамаатка министр Алтынбек Максутов тааныштырган. Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы белгиленди. Белгилей кетсек, Светлана Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи болуп эмгектенип келген.
Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолдон өтүп бара жаткандар эне-балдар болгон. Аларды катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа учура сүзгөн. Көз жумгандардын жаш курагы азырынча белгисиз. Кырсыктаган үч автоунаанын айдоочулары текшерүүдөн өтүп, баары соо болуп чыккан. Эскерте кетсек, буга чейин Таласта орун алган урой учурган жол кырсыгынын видеосу жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан.
БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикадагы үлүшү (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) G7 үлүшүнөн ишенимдүү ашат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин кеңейтилген жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл БРИКС өлкөлөрүнүн үлүшү 36,7 пайызды түзсө, былтыр G7 уюмунуку 30 пайыз болгон, 2024-жылы дагы жогорулайт. Путин өнүккөн өлкөлөрдө карыздын көлөмү өсүп, бир тараптуу санкциялардын практикасы кеңейип жатканын белгиледи. Бул дүйнөлүк сооданын солгундашына алып келет. РФ лидери БРИКС өлкөлөрүнүн экономикасы тең салмактуу саясаттын аркасында туруктуулукту көрсөтүп жатканын кошумчалады. БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. 1-январда Россиянын уюмга төрагалыгы башталган, ал адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүп жатат. ВАЛЮТА КУРСУ Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 50 тыйынга евро 92 сом 57 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 24-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бейшембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл дубанында +9...+14, Нарын өрөөнүндө +8...+13 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +8…+10, Ош шаарында +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0