00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:00
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:01
3 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Акчаны топтоо жолу менен кантип мамлекеттик ипотека алса болот — “Толтолмо ипотека” продуктунун шарттары
23:02
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Эртең Бишкекте жылуулук берилетЛавров Байдендин өзөктүк курал сүйлөшүүлөрү боюнча билдирүүсү — алдамчылык экенин айттыБаткендиктерди өзбекстандык дарыгерлер текшерүүдөн акысыз өткөрүүдөАлдыда кененирээкБаткенге Өзбекстандан дарыгерлер келгенин аталган облустун администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Сапардын максаты эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, жарандарга медициналык жардам көрсөтүү экенин айтышты. "Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинекологдор бар. Алар бүгүндөн тарта эки күн ичинде Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Баткен облусунун жашоочуларын медициналык кароодон акысыз өткөрүшөт", — деп айтылган маалыматта. Дарыгерлерди Республикалык адистештирилген илимий-практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов жетектеп келген. Сапардын алкагында Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын жогоруда аталган борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Бишкекте эртең, 22-октябрдан тарта, жылуулук берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди. Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон. "Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен жылытуу мезгилин 22-октябрдан тарта баштоо чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта. Жылуулук биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканалары менен мекемелерге жетет.
Сокулуктагы мушташка катышкандардын бири — жергиликтүү күзөт бөлүмүнүн кызматкери. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 16-октябрда Сокулуктагы "Ала-Арча" ресторанынын жанында жол кырсыгы болгону туурасында маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген тартип сакчылар бир нече киши мушташып, анын ичинен экөөнү автоунаа коюп кеткенин аныктаган. "Жабырланган Б.Б. башынан катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. 19-октябрда мушташкандар аныкталган. Алар 28 жаштагы Д.Ч. жана И.Б. болгон. Биринчиси кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Экинчиси, күзөт бөлүмүнүн кызматкери, ооруканада стационарда дарыланууда. Шектүү кайтарууга алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кишини коюп кеткен автоунааны айып короого айдап киргизишкен", — деп айтылат билдирүүдө.
АКШ президенти Жозеф Байдендин өзөктүк куралды алдын ала айтылган шарттарсыз эле кыскартуу боюнча диалогго Вашингтондун даяр экендигин айтканы — митайымдык жана алдамчылык. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. "Мунун баары — митайымдык. Өзөктүк куралга алдын ала айтылган шарттарсыз көзөмөл кылууга, стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүгө чакырык салынганы боюнча айткандары калп",- деген министр. Байдендин сөзүнө караганда, Россия АКШнын шарттарын кабыл алып, кепке келип, өзөктүк курал боюнча сүйлөшүп башташы керек. Муну менен катар эле Вашингтондон Москвага карата учурда жүргүзүп жаткан саясатынан баш тартууну талап кылбаш керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0