00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылда өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жалпы суммасы 400 миллиард сомдун тегерегинде болушу күтүлүүдө. Муну менен тармактагы өсүү темпи 107 пайызды түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрь, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзүндө айткан. Мамлекет башчы айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи багыттарынын бири болуп саналарын белгилеген. "Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкери катары сиздер азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен айыл чарба азыктарын өндүрүүдө, аларды кайра иштетип, тышкы рынокторго экспортко чыгарууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жан дилиңиздер менен аракеттенип иштеп келе жатасыздар. Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында инвестициялык жети долбоор, ошондой эле "Айыл чарбасын каржылоо", "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин", – деген Жапаров. Ал өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи ирет айыл-чарба кызматкерлеринен көз каранды экенин кошумчалаган. Куттуктоосунун соңунда бардык агроөнөр жай кызматкерине жоопкерчиликтүү иштеринде кесипкөйлүктү, чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакыт каалаган.
Жалал-Абад шаарында Юстиция үйүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, имарат үч кабаттуу болуп бүткөрүлөт. Анда Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү, калкка юридикалык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр жайгашат.
Ош облустук ооруканасына бүгүн кечинде алты жаштагы бала ок жеп түшкөн. Бул туурасында Ош облустук ИИБден билдиришти. Милиция окуя Кара-Суу районундагы Падаван айылына караштуу аймакта, саат 20:30дар чамасында болгонун айтты. "Талаага эгин кайтарганы барган учурда агасы бөбөгүн пневматикалык мылтык менен кокустан атып алган. Ок табарсык тарапка тийген. Ал жерде атасы да болгон. Баланы ооруканага 20:55терде алып келишкен", — деп билдиришти милициядан. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен кичинекей бейтаптын жалпы абалы орточо оор экенин айтышты.
Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Москва шаарындагы Жеңиш музейинде Кыргыз киносунун күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, өлкөнүн тарыхындагы маанилүү этапты белгилейт. Кыргыз киносунун күндөрү Руслан Акун режиссерлуккылган “Бейиш эненин таманын астында” тасмасы менен башталды. Бул тасма заманбап Кыргызстандагы татаал жана таасирдүү учурлар жөнүндө баяндайт. Ошондой эле көрүүчүлөргө Актан Арым Кубаттын “Эсимде”тасмасы, Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы көрсөтүлдү. Мындан тышкары "Белек" жана "Акыркы көч" тасмалары тартууланмакчы. Кыргыз киносунун күндөрү Москва шаарында маанилүү маданий окуя болуп, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун символун билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0