00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү системасын санариптештирүү — жылдын аягына чейин жаңы платформалар ишке кирет
23:03
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеште "Акылман" президенттик лицейинин жана "Эл үмүтү" стипендиясынын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктарды берүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору менен аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизүү сунушталууда. Талкуу учурунда депутаттар бир окуу жайга артыкчылык берүү канчалык туура деген суроо салышты. "Сиздер аябай шашылыш чечим кабыл алып жатасыздар. Өзүн көрсөтө элек окуу жайды мыйзамга киргизүү — шашылыш чечим. Министр лицей, гимназия дегендер жоюлуп, балдар тең болуш керек деген саясат жүргүзүүдө. Ал эми силер дагы өзгөчөлүк, "асыл тукум" түзүп жатасыңар. Болмок беле? Кесиптештерим кагазга ороп жатат. Бул социалдык теңсиздикти жаратат. Балдардын билими тең болбошу ыктымал, бирок укуктары бирдей болушу зарыл", — деди Исхак Масалиев.
2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга ОСАГОсу жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган. ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.
Бишкек шаарындагы эки микрокредиттик компанияга айып салынды. Бул тууралу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки микрокредиттик компанияга айып салынган. Аларга Кыргыз республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген деп пайып коюлган. Анын негизинде Эки микрокредиттик компанияга жалпы 110 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Израиль Ливандын түштүгүндөгү Набатия шаарына катуу сокку уруп, андан калаа мэри жана муниципалитеттин беш кызматкери көз жумганын жергиликтүү Аль-Жадид телеканалына таянуу менен РИА Новости билдирди. Маалыматта мэрия имаратына сокку жыйын өтүп жатканда жасалганы айтылат. Ал эми Израиль армиясы "Хезболла" жана "Радван" бөлүктөрү пайдаланып келген туннелдердин түйүнүн, транспорттук инфраструктураны, командалык борборлорду жана курал-жарак сакталган кампаларды жок кылганын билдирди. Набатия — Ливандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан ири шаарлардын бири. Израиль менен чектешкен айыл-кыштактан келген качкындарды эсепке албаганда калаада 100 миңдей киши жашайт. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 50 тыйынга евро 93 сом 28 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 17-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл дубанында +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0