00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Иран-Израиль жаңжалы дүйнөлүк экономикага эмнеси менен кооптуу?
17:08
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
На пороге перемен: о будущем КРСУ и образовательном сотрудничестве Кыргызстана и России
18:09
28 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш - чаралар кийинки муунду патриоттуулукка тарбиялайт
19:07
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Между строк
Литература и власть: Феликс Кулов о значении чтения для госдеятелей
20:08
35 мин
Ачык кеп
Билим берүү системасын санариптештирүү — жылдын аягына чейин жаңы платформалар ишке кирет
23:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
"Кол ийрисине тартат" болбой, татыктууларын шайлоо керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 17-ноябрга белгиленген шайлоонун үгүт иштерине утурлай жасаган кайрылуусунда айтты. Шайлоолордун маанилүүлүгүн белгилеп, алар элдин тагдырына түздөн-түз таасир этерин айткан Жапаров талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер да бар экенин, аларды шайлап алып, өкүнүп калбагыдай болуу керектигин эскерткен. Ошондой эле ал шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөгөн мамлекеттик кызматкерлер катуу жазаланарын белгилеген. Эскерте кетсек, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңештин шайлоосу өтөт.
Бишкек — Ош унаа жолу толук жабык экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында калың кар жаагандыгына байланыштуу "Чычкан", "Сосновка" көзөмөл-өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген. Учурда жол тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат.ЖКККББ айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга чыкпай турууну өтүнүп, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертти.
Ал арада, Бишкек — Ош жолунун 129-132-чакырымдагы Төө-Ашууда 1000дей автоунаа тизилген тыгын жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, тыгын кар жаап, жол тайгактыгынан улам пайда болгон. "1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктарды алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлдө. Жеринде атайын техникалар жана куткаруучулар тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирип берилүүдө", — деп айтылат маалыматта. Министрлик жылынуу пунктары төшөк-жууркан менен камсыздалып, жарандарга ысык чай берилип жатканын кошумчалады. Ошондой эле министрлик Ош багытында жеңил унаалар өткөрүлүп баштаганын, жакынкы убакта эки тараптуу ачылып, жол тыгыны жоюларын билдирди.
Охот деңизинде эки ай кайык менен калкып жүргөн Михаил Пичугин журналисттерге кантип тирүү калганын айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Кудайдын жардамы менен. Башка эч нерсе деп айта албайм. Ичи төөнүн жүнүнөн жасалган уктоочу "моңгол" мүшөгүбүз бар болчу. Буттарыбыз суу, кирип бүрүшүп жатасың да, бир аз жылып каласың", — деген Пичугин. Ал бир тууганы менен анын уулу ачкалыктан каза тапканын, өзү 50 килограммга арыктаганын айтты. 2024-жылдын 9-августунда эки киши жана алардын биринин 15 жаштагы уулу деңизге "Байкат 470" кайыгы менен кетип, көп өтпөй байланыш таптакыр үзүлгөн. Тик учак менен издеп таппай коюшкан. Ушул дүйшөмбү күнү Камчатканын жээгинен балыкчылар катамаран табышкан. Андан алсыраган тирүү киши жана эки сөөк чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0