https://sputnik.kg/20241014/kyrgyzstan-bishkek-atyshuu-zhyldyzbek-niyazaliyev-1089456111.html
Бишкектеги атышуу: машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин абалы айтылды
Бишкектеги атышуу: машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин абалы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте атышуудан жаракат алган бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жалпы палатага... 14.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-14T14:39+0600
2024-10-14T14:39+0600
2024-10-14T14:39+0600
кыргызстан
бишкек
атышуу
жылдызбек ниязалиев
кылмыш
кырсык
бокс
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0d/1063603706_0:157:1693:1109_1920x0_80_0_0_007f09a596408dec12bc725428f28242.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте атышуудан жаракат алган бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жалпы палатага которулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди.Анын айтымында, бейтаптын абалы оор деп бааланууда.Эске салсак, 10-октябрда спорт дүйнөсүндө төбөсү көрүнүп калган адамдардын ич ара пикир келишпестигинен улам Бишкектеги бокс залдарынын биринде ок атылды. Натыйжада AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев каза таап, белгилүү машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев жардамчысы экөө ок жеп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени айтылган.Милиция алгач Ырсалиев залга келип, ортодогу акча маселесинен улам Ниязалиевге доо кое баштаганын билдирди. Ырсалиев "Сайга" куралы менен Ниязалиевди ичке атып, андан кийин С.Э. аттуу жаранды бутка аткан. Акыры экөө күрөшө кетип, кокусунан атылып кеткен ок Ырсалиевдин башына тийген. Тартип сакчылар анын ошол жерде каза болгонун билдирди.Окуядан кийин милиция кылмыш ишин козгоп, ИИМ жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө алды.
https://sputnik.kg/20241007/kyrgyzstan-osh-nookat-kylmysh-1089287287.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0d/1063603706_185:0:1664:1109_1920x0_80_0_0_8c2ea191524bcde94c64e9b0efb0ae6a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, атышуу, жылдызбек ниязалиев, кылмыш, кырсык, бокс
кыргызстан, бишкек, атышуу, жылдызбек ниязалиев, кылмыш, кырсык, бокс
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте атышуудан жаракат алган бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жалпы палатага которулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бейтаптын абалы оор деп бааланууда.
"Бейтап эки литр кан жоготкон, азыр ал жалпы палатага которулду", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, 10-октябрда спорт дүйнөсүндө төбөсү көрүнүп калган адамдардын ич ара пикир келишпестигинен улам Бишкектеги бокс залдарынын биринде
ок атылды. Натыйжада AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев каза таап, белгилүү машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев жардамчысы экөө ок жеп, оорукананын жандандыруу
бөлүмүндө экени айтылган.
Милиция алгач Ырсалиев залга келип, ортодогу акча маселесинен улам Ниязалиевге доо кое баштаганын билдирди. Ырсалиев "Сайга" куралы менен Ниязалиевди ичке атып, андан кийин С.Э. аттуу жаранды бутка аткан. Акыры экөө күрөшө кетип, кокусунан атылып кеткен ок Ырсалиевдин башына тийген. Тартип сакчылар анын ошол жерде каза болгонун билдирди.
Окуядан кийин милиция кылмыш ишин козгоп, ИИМ жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө алды.