00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Стамбулда кыргыз тилин өнүктүрүү форуму өтүүдөТрамп АКШ өкмөтү 3-4 айдан кийин үчүнчү дүйнөлүк согушту чыгарышы мүмкүндүгүн билдирдиТашиев Баткендеги үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды. Алдыда кененирээк12-октябрда, Камчыбек Ташиев Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы «Асман резиденс №1» турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган. Мында батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар. Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.
Түркиянын Стамбул шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата форум өтүп жатат. Ага Россия, Казакстан, Британия, Германия сыяктуу 10 өлкөдөн кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чарада чет өлкөдөгү кыргыз мекендештердин эне тилге мамилеси, мигранттардын жалпы абалы талкууланууда. 2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койгон.Мыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган.
Россиялык мушкер Артур Бетербиевдин Дмитрий Биволду жеңген чечими адилетсиз болду. Мындай пикирин мушташтын уюштуруучусу, Сауд Аравиядагы Көңүл ачуу башкы дирекциясынын төрагасы Турки Аль аш-Шейх билдирди. “Менимче бул соңку 20 жылдагы эң сонун кармаштардын бири болду. Бирок мага жыйынтыгы адилетсиз чыккандай туюлду. Эки мушкер тең мага бир туугандай, бирок мында Бивол эки раундга көбүрөөк жеңди го дейм. Реванш уюштурууга аракет кылам. Эгер алар макулдугун берсе, биз муну жасайбыз”, — деди оюндун негизги уюштуруучусу-деди Турки Аль аш-Шейх. Бивол кармаштан кийинки маалымат жыйынында реваншка даяр экенин билдирген, Бетербиев азырынча буга жооп кайтара элек.
АКШнын азыркы бийлиги бир нече айдын ичинде үчүнчү дүйнөлүк согушка кептеши мүмкүн. Бул тууралуу президенттикке талапкер Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. Ал ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңсе Украинадагы жаңжалды жөнгө салып, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыкты токтотууга убада берди. "Алдыдагы үч айга тынчсызданып жатам. Үч жарым-төрт айдын ичинде бийликтеги адамдардын айынан дүйнөлүк согушка кептелип калышыбыз ыктымал", — деди саясатчы. Трамп мурадараак атаандашы Камала Харрис үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын ала албасын айткан. Республикачылардын айтымында, эгер бул айым жеңсе Вашингтон менен Россиянын ортосунда аскердик жаңжал болот. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 50 тыйынга евро 93 сом 62 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ14-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. 14-октябрь, дүйшөмбүдө көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +17...+22 градус, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +15...+20 градуска чейин көтөрүлөт. Күндүн табы борбор калаада +12...+14 градус жылуу болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ош шаарында +20...+22 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0