00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүнтөн тарта Боомдо таш кулатылып баштады. Автоунаалар бир тилке менен жүрүүсү шартГерманиянын Киевге мындан ары "ири аскердик техника" бербей турганы айтылдыСадыр Жапаров Батыш бизге Россия менен алака боюнча көрсөтмө бербеши керектигин айттыАлдыда кененирээкБатыш бизге Россия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ага журналист "Батыш КМШ өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан баш тартышы керектигин айтышууда. Буга кандай карайсыз?" деген собол узаткан."Бул, албетте, туура эмес. Анткени алар биз Европага барганда бирди сүйлөп, кылганы башка болууда. НАТОго, Евробиримдикке кирип, бирок Россия менен кызматташкан өлкөлөр бар. Ал эми бизге Россия менен кызматташпоого көрсөтмө берип же сураныч кылбашы керек. Биз баары менен алака түзүшүбүз шарт", — деген өлкө башчы. Ал КМШнын мүчөлөрү мурдагы Советтер Союзунун республикалары экенин эске салган.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош шаарында болгон селдин кесепетинен 1480 соодагер жабыр тарткан. Бул тууралуу Ош мэриясынын кызматкери Эрлан Атабаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген. Анын айтымында, ар бир ишкерге келтирилген зыяндын өлчөмү ар башка: 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин. 30га жакын соодагерге 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген. Бүгүнкү күнгө карата 522 ишкер мамлекеттен 100 миң сомдон алышкан. Дагы 623 соодагердин тизмеси министрлер кабинетинин бекитүүсүнө жөнөтүлдү. Бөлүм акча бөлүү боюнча чечимди күтүп жатат. «Соодагерлердин арасында Салык кызматында каттоого турбагандар же селден кийин каттоого тургандар бар. Аларга компенсация каралган эмес», — деди Эрлан Атабаев. Эскерте кетсек, 14-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун айылдарында жана Ош шаарында катуу сел жүргөн. Сел төрт адамдын өмүрүн алган. Мындан тышкары, элди эвакуациялоо учурунда бир адам каза болгон.
Боом капчыгайында 14-18-октябрда таш кулатылып, автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. "Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-чакырымында күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин таш кулатуу иштери жүрөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен каттайт. 30-40тан ашык автокөлүк топтолсо таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта. Мындай иштер сел жана таш кулоону алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Бундесвер мындан ары Киевге "ири аскердик техника" бербейт. Бул тууралуу Bild басылмасы жазганын RT кабарлады. Немец гезити Германиянын Коргоону министрлиги Киев жакында каршы чабуул жасай албайт деп эсептеп жатканын жазган. Басылманын маалыматында, Бундесверде 300гө жакын техника бар экенине карабай, мындан ары Украинага БМП, гаубицалар жана Leopard-2 танкалары берилбей турганы белгиленген. Bild гезити Зеленский Берлинде Шольц менен болгон акыркы жолугушууда эки талап койгонун билдирген. Алар — Taurus ракеталары менен Россиянын аймагына атууга уруксат берүү жана НАТОго тезирээк кабыл алуу. Германиянын канцлери "жок" деп да, "ооба" деп да жооп бербегени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0