00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үч жашка чейинки бардык балдар алуучу “Бала ырысы” жөлөкпулунун механизмдери иштелип чыгууда
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкек ШИИББдин жетекчисинин орун басары иштен алындыАКШ Өкүлдөр палатасынын башчысы Украинаны каржылоо ниети жок калганын айттыТашиев мамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоодон башталышы керектигин билдирдиАлдыда кененирээкМамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы "Кайрагач" чек ара заставасын ачып жатканда билдирди. Анын айтымында, шайлоо маалында мыйзам бузган талапкерлер катуу жазаланып, административдик ресурс колдонулбайт."Артында калбыры бар, криминалга, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузгандардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиядагы ар бир талапкерди кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо же тууган-уругу аралашса тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузууга барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоодон башталышы керек. Шайлоого катышкан саясатчы катары ушунун азабын көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды", — деди Ташиев. Ташиев күч структураларынын жетекчилерине бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
13-октябрда саат 08:25те Өзгөн районунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институнун маалыматына караганда, Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Данияр Рыскулов өздүк курам ичиндеги тартиптин одоно бузулушунан улам кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, ШИИББде кечээ шаардык милициянын 9 айдын ичиндеги ишинин жыйынтыгы каралган. "Жыйында шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев мыйзамдуулук жана кызматтык тартипти сактоо боюнча катуу талаптарды коюп, ишинде начар жыйынтык көрсөткөн 10 жетекчи тартиптик жаза алган", — деп айтылат маалыматта. Жыйында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чарага күчөтүлгөн тартипте даярдык көрүү жана 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Майк Жонсон мындан ары Украинаны каржылоону каалабай турганын жана президенттик шайлоодо жаңжалды жөнгө сала ала турган партиялашы Дональд Трамп жеңет деп үмүттөнөрүн билдирген. Бул тууралуу ал порталына курган маегинде айтканын РИА Новости жазды. "Мен АКШ мындан ары Украинаны каржылашын каалабайм, буга муктаждык да жок деп үмүттөнөм. Шайлоодо Трамп жеңип чыкса, ал жаңжалды токтото алат деп ишенем. Трамп РФ президенти Путинге чалып "жетишет" дейт. Бул согуштан баары чарчады, баары анын бүтүшүн каалап жатат деген ойдомун", — деген ал. Жонсон АКШнын президенти болуп демократ Камала Харрис шайлана турган болсо согуш токтобойт деп эсептейт. "Бул эми айласыздыктан түзүлгөн кооптуу сценарий болуп калат", — деген спикер.
Жаңылыктар түрмөгү
0