00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Быйылкы жылдын экинчи кварталында Кыргызстандан сыртка төрт валюта менен акча которуулар орун алган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Кыргызстандан акча которуулар эл аралык системалар аркылуу доллар, евро, рубль жана теңге болуп валютанын төрт түрү боюнча жөнөтүлгөн. Бул жылдын апрелден июнь айына чейин 10 миллиард сом которулган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырсак, көрсөткүчтөр кыскарган. Жылдын экинчи кварталында Кыргызстандан сыртка которуулардын көрсөткүчтөрү мындай: 92,3 миллион доллар; 400 миң миллион евро; 2 миллиард 100 миллион рубль; 139,4 миллион теңге сыртка которулган.
2025-жылы автобустардын саны 1500гө чейин көбөйөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Сарымсаков брифингде билдирди. Анын айтымында, бул Бишкекти камсыз кылууга жетет. "Келерки жылдан тарта Бишкектин коомдук транспорту үчүн тилкелерди активдүү ишке киргизебиз. Биз өзүбүздүн каражатыбызга кошумча автобустарды сатып алууга чамасы жеткен, өзүн актай турган абалга баратабыз", — деди Сарымсаков. Ал кошумчалагандай, транзакциялардын саны өсүүдө. Система жаңы ишке киргенде 180 миң транзакция жүргөн, учурда орто эсеп менен күнүнө 750 миңди түзөт. "Компаниянын кирешеси көбөйүп жатат. Бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү жабдууларды жана унаа жуучу комплекстерди сатып алууга мүмкүндүк берди. Жакынкы келечекте коомдук транспортубуз сааттын жебесиндей иштейт деп ишенем", — деди департамент жетекчисинин орун басары.
Сергей Волков Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечимди Россиянын Билим берүү министрлиги кабыл алды. Ал кызматына 14-октябрдан тарта киришет. Волков көп жылдар бою Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин административдик-чарбалык иштер, капиталдык курулуш жана оңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, экономика жана каржы маселелери боюнча проректору кызматын аркалаган. Россиянын Билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский билдиргендей, Кыргыз-Россия Славян университетинин өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргызстандыктардын россиялык стандарттары боюнча билим алышы өзгөчө мааниге ээ. Министрдин орун басары 15-октябрда Бишкекке келип, ректордун милдетин аткаруучуну ЖОЖдун жалпы жамаатына тааныштырат.
Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусунда көздөгөн бир да максаттына жеткен жок. Мындай пикирин немис журналисти Юлиан Репке X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды. «Аймактагы милдет, максаттары тууралуу айта турган болсок, Украина алгачкы Суджага болгон чабуулунан кийин эч кандай максатына жеткен жок», деген Юлиан Репке. Репке ошондой эле украиналыктардын Курск аймагындагы операцияны улантуусунун келечектүүлүгүнөн шек санаган, анткени Россиянын аскер күчтөрү кайра кайтарып аларын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0