00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан ушул жылдын тогуз ай аралыгында жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилген. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлгөн. "Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуу эрежелеринин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке тогуз ай ичинде 86 миллион 248 226 сом айып пул түштү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 44 миллион 906 142 сом жыйналган", – деп айтылат маалыматта. Мекемеден белгилешкендей, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пунктуларында, станцияларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө. "Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз", — деп кошумчаланган маалыматта.
Кыргызстанда автоунааны сатууда (кайра каттоодо) камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүчү норма министрлер кабинетинин тиешелүү токтому менен жокко чыгарылды. Эми сатылган унаанын камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, унаанын жаңы ээси камсыздандыруудан өтүүгө милдеттүү эмес. Мындан тышкары, мурунку ээси камсыздандыруудан өткөргөн автоунааны сатып алуучу полисин өзүнүн атына кайра каттата алат. Эгер каттоо учурунда камсыздандыруу суммасы көбөйсө, анда камсыздандыруу компаниясы кайра эсептөөгө милдеттүү жана жаңы ээси айырманы гана төлөп бериши керек.
Мастар үчүн атайын жайларды түзүү каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, милиция коомдук тартипти бузуп, адамдарга коркунуч жараткан мас абалындагы адамдарды атайын жайларга алып барууга укук берилмекчи. Ал эми жергиликтүү органдарга бул жайларды уюштуруу милдети жүктөлөт. "Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы алкоголду, баңгизат жана башка психоактивдүү заттарды колдонууга байланышкан укук бузуулардын жана кылмыштардын өсүшү менен шартталган", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Ошондой эле анда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым эркиндиктерди чектөө зарылдыгы жаралары кошумчаланган.
Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин товарларды Иранга экспорттоого чакырды. Ал Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Интеграция, соода жана бажы саясаты боюнча комитетинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун жыйынында сүйлөдү. Слепнев ЕЭК делегациясынын 3-декабрдан 6-декабрга чейин Тегеран шаарында өтө турган Евразия ЭКСПО-2024 көргөзмөсүнө боло турган сапары тууралуу маалымат берди. Министр ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда толук масштабдуу эркин соода келишими ишке кирер алдында уюмга мүчө мамлекеттердин компанияларын экспорттук товарларды илгерилетүү боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0